Иш-чаралардын дайджести «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ 2017-жылдын сентябрына

September 11, 2017, 06:00

Иш-чаралардын дайджести

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ

 

2017-жылдын сентябрына

 

 

Жума сайын – Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча билимдердин кербени

Качан: жумасына 2 жолу

Кайда: Бишкек шаарынын мектептери

Курчаптурган чөйрөгө аяр мамиле кылууга чакырган видео-роликтерди көрсөтүү менен экология темасына интерактивдүү, танып-билүү-тарбиялоо лекция-презентациялары.

6-8-класстардын окуучулары.

Тили:кыргыз жана орус

Телефон: 0556 205305

 

14-сентябрь–Экологиялык тарбиялообоюнча лекция-презентация

Кайда: такталат

Бишкек шаарынын мектеп директорлорунун тарбия иши боюнчаорун басарлары үчүн экологиялык тарбиялоо боюнча интерактивдүү лекция-презентация

Тили:кыргыз жана орус

Телефон: 0550 328899

 

  

Сентябрь-октябрь –Бишкек шаарынын МБУларында«Жаш Бишкектиктин эрежелери аракетте» эко-бир айлыгы

Кайда: Бишкек шаарындагы МБУлар (мектепке чейинки билим берүү уюмдары)

Бир айлыкты «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуБишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен бирдикте борбордогу МБУларда өткөрөт.

Бир айлыктын алкагында МБУлардаэко-сабак же эко-майрам, оюн коюу сценалары, аймакты тазалоо, экскурсиялар, сейилдөө, тематикалык сабактар, викториналар, оюндар сыяктуу жана башка экологиялык иш-чаралар өтөт деп пландаштырылып жатат.

Телефон: 0550 328899

 

 

19-сентябрь–«Балдарды туулгандан тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн базалык стандартын алга илгерилетүү жана киргизүү» форуму

Кайда: Жалал-Абадмамлекеттик университети, Жалал-Абад шаары

Форум МБУлардын кызматкерлери, башталгыч класстардын мугалимдери, билим берүү бөлүмдөрүнүн жана ЖОЖдордун кызматкерлери үчүн балдарды туулгандан тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн базалык стандартын алга илгерилетүүгө жана киргизүүгө арналган

Тили: кыргыз

Телефон: 0555 004240

 


АР БИР ИШЕМБИДЕ - ата-энелер үчүн "Радио мектеп"

Качан: 10:00-10:30

Кайда: Кыргыз радиосу

Бул «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана КТРКнын «Кыргыз радиосу» радиостанциясынын биргелешкен жаңы долбоору – «Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» багытында «Ата-энелер үчүн радио мектеп». Бул долбоордун алкагында күнүнө эки жолу эфирде ата-энелер үчүн пайдалуу кеңештер уктурулат, ал эми ар бир ишембиде угармандарга балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү боюнча адистердин интервьюсу сунуш кылынат.

Бул долбоордун максаты – ата-энелерди, өзгөчө жаш ата-энелерди пайдалуу маалымат жана балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү жагындагы адистердин кеңештери менен камсыз кылуу.

Телефон: 0552 855 710 (Топчугуль Шайдуллаева)

 


 

АР БИР ЖУМА КҮНҮ - "Гений" радио берүүсү

Качан: ар бир жума күнү саат 13:30дөн 14:00гө чейин

Кайда: Биринчи Радио

Телефон: 0552 600 738, asanasyl@gmail.com