«Радиомектеп»: Балдарды өнүктүрүүдө оюнчуктардын ролу
August 29, 2017, 06:00Шайкеш жана интенсивдүү өнүктүрүү үчүн ар бир балага мыкты тамак, туура гигиена гана эмес, ошондой эле өнүктүрүүчү оюндар жана туура оюнчуктар зарыл. Оюнчуктардын жардамы аркылуу наристе курчап турган дүйнө менен таанышат.
Баланын айланасында турган, аны кызыктырууга жардам берген алгачкы нерселер – булар оюнчуктар. Айланадагы буюмдар менен жигердүү өз ара аракеттенип, жакын адамдары менен баарлашып гана наристе толук өнүгө алат.
Балага туруктуу баарлашуу зарыл, аны ойногонго үйрөтүү керек. Чоң кишилер түзүп берген шарттарда наристе курчап турган дүйнөдөгү буюмдарды тааныйт жана аларды колдонуунун варианттарын таанып-билет. Баланын шайкеш өнүгүшү көбүнесе ушул буюмдарды, анын ичинде оюнчуктарды туура тандоого байланыштуу.
«Радиомектептин» кезектеги радиоберүүсүндө сөз дал ушулар жөнүндө болот. Темасы: «Балдарды өнүктүрүүдө оюнчуктардын ролу».
Катышуучулар: Т.А. Орусбаева -педагогикалык илимдердин кандидаты, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кафедра башчысы, Д. Ж. Майгулакова –№186 мектепке чейинки уюмдун директору, «Ак жол», Бишкек ш.