Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда кыргыздардын салттуу жана интерактивдүү оюндары боюнча конкурс
August 3, 2017, 06:00«Ыйман, адеп жана маданият» жылынын алкагында 2017-жылы Кыргызстанда, Баткен областындагы жана Ош областынын Ноокат районундагы Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда кыргыздын салттуу жана интерактивдүү оюндары боюнча мелдештер болуп өттү. Конкурстөмөнкүдөй номинациялар боюнча өткөрүлдү:
• Жомокторду сахналаштыруу;
• Кыргыз элдик оюндары;
• Достук, өз ара урматтоо, жакшы коңшулаштык жана сабырдуулук темалары боюнча ар кыл чыгармачыл иштер.
Иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында DFID, Улуу Британиянын КРдагы Элчилигинин колдоосу менен, Ага-Хан Фонду менен бирдикте уюштурду.
Бул иш-чараны өткөрүүнүн максаты кыргыз элинин салттуу билимдерин жана маданий-тарыхый мурасын пропагандалоо, элдик оюндарды үйрөтүү аркылуу балдарды маданиятка аралаштыруу, ар кандай этностордун жана улуттардын өкүлдөрү менен сабырдуу өз ара аракеттенүүнүн негиздери боюнча кенже курактагы балдардын билимдерин, билгилигин жана жөндөмдөрүн калыптандыруу болуп саналат.
Конкурска Баткен областынан жана Ош областынын Ноокат районунан 9 Жайлоодогу өнүктүрүү борборунан 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар катышты.
Конкурстун натыйжалары2017-жылдын 20-августунда жарыяланат.