Антальяда II Эл аралык жаштар лагери ачылды

August 18, 2017, 06:00

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) жана Түркиянын Жаштар жана спорт иштери боюнча министрлигинин колдоосу менен Антальяда II Эл аралык жаштар лагери ачылды.

 

Ачылыш аземинде АнтальянынгубернаторуМунирКараоглу белгилегендей, бир жуманын ичинде лагердин ишине катыша турган улан-кыздардын ортосунда достук жана кызматташтыктүзүлөт.

 

Быйылкы жылы КР Жаштардын иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жана "Мекендештер" Форумунун көмөгү боюнча лагердин ишине Кыргызстандын Диаспорасынан 10 жаш өкүл катышат.

 

Лагерин ишине Түркиядан, Азербайжандан, Казакстандан, Кыргызстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Косоводон 18-25 жаш курактагы 320 улан-кыз катышат.

 

Лагерде «Жалпы тарых, жалпы маданиятжана жалпы тил», «Жаштардын көйгөйлөрү жана аларды чечүү» темаларына семинарлар, экскурсиялар жана улан-кыздарды жиберген мамлекеттердин презентациялары уюштурулат.