«Жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму »
August 24, 2017, 06:002017-жылдын 25-августунда Каракол шаарында Каракол педагогикалык колледжинин базасында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму болуп өтөт.
Иш чарага КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү У.К.Жылкыбаев, ошондой эле аталган стандартты иштеп чыккандар, эксперттер, окутуучулар жана башталгыч класстар боюнча методикалык бирикмелердин методисттери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун жетекчилери жана Каракол педагогикалык колледжинин студенттери жана педагогикалык жамааты катышат.
КР экс-президенти, «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева «Кайсы гана мамлекетте болбосун сапаттуу кызматтарды түзүү – кедейликти жоюунун маанилүү жолдорунун бири» деп эсептейт.
2016-жылы ЮНИСЕФтин колдоосу менен эксперттер тарабынан балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары иштелип чыкты.
Форумдун максаты – Кыргыз Республикасынын педагогикалык жогорку окуу жайларынын ортосунда бирдиктүү желени түзүү аркылуу балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу.
«Форум азыркы Кыргызстандын балдарынын эртелеп өнүгүүсү сыяктуу актуалдуу проблемага арналып жатат. Анткени эрте жаш курактагы балдарга инвестиция салуу ар бир мамлекеттин өнүгүү келечегинде жана кедейликти кыскартууда маанилүү багыт болуп саналат. Балага жумшалган ар бир доллар инвестиция ал чоӊойгондо 7$ болуп кайтат», - дейт Юкиэ Мокуо.
Форум учурунда 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары тууралуу маалымат берилет жана аларды мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык практикасына киргизүү жөнүндөгү маселе талкууга алынат.
Форумдун жыйынтыгында балдарды эртелеп өнүктүрүү боюнча Стандарттарды киргизүү максатында педагогикалык жогорку окуу жайлардын бирдиктүү Желесин түзүү каралып жатат.
Ишчара саат 9.00дө башталат.
Кошумча маалымат үчүн кайрылсаңыздар болот:
Топчугуль Шайдуллаева, Международный фонд «Инициатива Розы Отунбаевой», тел: 0552 85 57 10, shaidullaeva@gmail.com
Мавлюда Джапарова, ЮНИСЕФ Бишкек: тел: 0777919143; mdzhaparova@unicef.org