А.Коргонбаевдин үй-бүлөсү үчүн үй курууга каражаттарды чогултуу токтотулду
July 28, 2017, 06:00Кымбаттуу достор!
Биздин чакырыгыбызга жан-дили менен кошулгандардын бардыгына! Биз Өзгөн районунун Аюу-Сай айылындагы А.Коргонбаевдин үй-бүлөсүнө үй курууга жардам көрсөтүү үчүн каражаттарды чогултууну токтоткондугубуз жөнүндө маалыматты Сиздерге жеткиргибиз келет.
Кеп мында: өкмөттүк көчүрүү жана куруу программасы менен катар Өзгөндөгү кырсыкка карата чет өлкөлүк досторубуз да үн кошууда. Түрк Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Түрк башкармалыгы (ТИКА) 2017-жылдын апрелиндеги жер көчкүдөн катуу жабыркагандардын бири катары А.Коргонбаевдин үй-бүлөсүн өзүнүн тизмесине киргизген жана ага үй курмакчы.
Биз көңүл буруп жана Коргонбаевдердин үй-бүлөсү үчүн каражат чогултууга катышкан бардык мекендештерибизге зор ыраазычылык билдиребиз. Биз ар бир жардам үчүн: ар бир лайк, репостжана комментарий үчүн, ар бир финансылык салым жана маалыматтык колдоо үчүн ыраазычылык билдиребиз! Коргонбаевдердин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүп, түшүнүп жана салым кошконуңар үчүн баарыңыздарга ыракмат!
2017-жылдын 9-апрелинен тартып 2017-жылдын 27-июлуна чейинки (10:57) мезгилде келип түшкөн каражаттар жөнүндө маалымдайбыз:
• Gofundme: $785;
• KICB: 107 000 сом;
• КошелекЭльсом: 0,00 сом.
2017-жылдын 27-июлуна (10:57) карата чогултулганы– 161 165 сом
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду каражаттарды чогултууну токтотот. Биз биз ушуга чейин которулган бардык каражаттарды кайрымдуулук кылгандарга кайра кайтарып берүүгө даярбыз. Бирок Сиздер ушул акчаны мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо иши үчүн – энелер мектеби үчүн же жаңы конуштардагы турак-жай массивдериндеги балдар топтору үчүн колдонууга болот жана ошого зарыл деп эсептесеңер, биз ушул долбоорлорду ишке ашырууну колго алууга даярбыз. Сиздердин жообуңуздарды күтөбүз.