Туризмди өнүктүрүү боюнча долбоордун катышуучуларынын Ысык-Көл жана Нарын областтарына стади-туру аяктап калды

July 27, 2017, 06:00

2017-жылдын 24-июлунда Талас областында туризмди өнүктүрүү боюнча долбоордун катышуучуларынын Ысык-Көл жана Нарын областтарына стади-туру башталган.

 

Бул иш-чараны «Мекендештер форуму» долбоорунун алкагында«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаменти менен бирге уюштурган.

 

Максат: Талас жана Ысык-Көл областтарынын мейман үйлөрүнүн менчик ээлеринин ортосунда туризмди өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу.

 

Иш-чарага Талас областынын үч – Байкай-Ата, Кара-Буура жана Талас райондорунун ишин баштап жаткан бизнесмендери катышып жатат.

 

Стади – турдун катышуучуларынын биринчи токтогон жери «Кочкор» СВТ болду, ал 2000-жылы уюштурулган биринчи СВТ болуп саналат. «Кочкор» СВТнын туризмди өнүктүрүүдө алда канча көп тажрыйбасы бар.

 

Пландалган визиттин алкагында Кочкор СВТнытүзүүнүн таржымалы, Кочкор СВТнын тажрыйбасы, түзүмү жана жүргүзүп жаткан иш-чаралары сыяктуу маселелерди талкуулоо болуп өттү. Сапат стандарттары жана сервис-провайдерлерди, тур продуктулардысертификаттоо тартиби.

 

Турдун катышуучулары ошондой эле Мира Балбаеванын мейман үйүнө барды, анын туризмди өнүктүрүүдө жана Кыргызстандан, ошондой эле чет өлкөлөрдөн келген туристтерди тосуп алууда алда канча көп тажрыйбасы бар. Бул жерде бардыгы меймандостуктун негиздери, мектеп тамак-аштын жана туристтик продуктуларды алга илгерилетүүнүн өзгөчөлүктөрү менен таанышты.

 

Андан соң маршрут Ысык-Көл областынын Бөкөнбаев айылына агыт алды. Бөкөнбаев СВТ 2005-жылы негизделген жана азыркы учурда Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде эко-туризмди өнүктүрүү боюнча лидер болуп саналат.

 

Нарын жана Ысык-Көл областтарынын саамалыктарынын дагы төрт жеринде болуп, стади – турдун катышуучулары энергияны үнөмдөөнүн эң жаңы технологиялары боюнча семинарга катышты, ал Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Покровка айылында өттү.