Талас областында туризмди өнүктүрүү боюнча долбоордун катышуучуларынын Нарын жана Ысык-Көл областтарына стади-туру старт алды
July 24, 2017, 06:002017-жылдын 24-июлунда Талас областында туризмди өнүктүрүү боюнча долбоордун катышуучуларынын Нарын жана Ысык-Көл областтарына стади-туру башталды.
Бул иш-чараны «Мекендештер форуму» долбоорунун алкагында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигименен бирдикте уюштурган.
Максат: Талас жана Ысык-Көл областтарынын мейман үйлөрүнүн менчик ээлеринин ортосунда туризмди өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу.
Иш-чарага Талас областынын үч– Байкай-Ата, Кара-Бууражана Талас райондорунун ишин баштап жаткан бизнесмендери катышып жатат.
Маалымат үчүн:
2017-жылдын мартында «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ«Мекендештер форуму» долбоорунун алкагында чет өлкөлөрдөгү диаспоралык бирикмелерди тартуу менен, аялдар жетекчилик кылган чакан туристтик бизнестерди өнүктүрүү боюнча программаны ишке ашыра баштады. Бул долбоор МОМдун жана Швейцариялык эл аралык кызматташтык боюнча бюронун финансылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Долбоордун өнөктөрү болуп Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Өкмөтүнүн Талас областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, жамааттарга негизделген «КАТОС» туризм Ассоциациясы саналат.