Кыргызстандан алты бала КЭРдеги 8-Эл аралык жайкы лагерге катышты

July 26, 2017, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 16-июлунан 23-июлуна чейин Кытай Эл Республикасына Сун ЦиньЛинь фонду уюштуруган 8-Эл аралык жайкы лагерге Кыргыз Республикасынын таланттуу бардарынын тобунун ар жылдагы сапары болуп өттү.

 

Жайкы лагердин максаты: дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген балдарга кытай маданиятын, тарыхын, салттарын ачуу; ар кыл өлкөлөрдөн келген балдарга достошууга, жаңы досторду табууга жана өз маданиятын бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн берүү.

 

Лагерге 2017-жылы дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн: Кытайдан, Түштүк Кореядан, Япониядан, АКШдан, Австралиядан, Венгриядан, Франциядан, Пакистандан, Индиядан, Шри-Ланкадан, Малайзиядан, Польшадан, Бельгиядан, Кыргызстандан жана башка өлкөлөрдөн келген балдар катышты.

 

Кыргыз Республикасынан барган топту 6 таланттуу бала түздү.

 

Жайкы лагердин программасы төмөнкүдөй эки маршрут боюнча түзүлгөн:

1) Пекин – Чангзоу - Шанхай

2) Пекин - Ички Монголия

Кыргыз Республикасы Пекин-Чангзоу-Шанхай маршрутун тандады. Алгачкы үч күн Пекинде шаардын сыртындагы отелде өттү.

 

Ошентип, Пекиндеги алгачкы эки күндөн кийин, катышуучулар өз каалоосу боюнча эки топко бөлүндү, алардын ар бири өзүнүн өзүнчө маршруту боюнча кетти. Сапардын учурунда ар кайсы өлкөлөрдөн келген балдар Улуу Кытай чебин, акробаттар шоусун, аквалэндди, динозаврлэндди, Хуанпу дарыясы боюнча теплоходдо Чыгыш бермет мунарасын жана түнкү Шанхайды көрө алды.

 

Биздин балдар Кыргызстандын атынан барып жана биздин маданият менен тааныштырып, үч номер көрсөттү: биринчи күнү – Кара-жоргону бийледи; жайкы лагердин ачылышында № 5 орто мектептин окуучусу Дилдедосова Сезим «Манас» эпосунун үзүндү айтып берди жана акыркы оюн-зоокту лагердин расмий жабылышында «Жаш Кыял» балдар ансамблинин окуучусу «Кыргыз бийин» бийлеп берди.

 

Бул сапарды «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурду.