Кыргызстандын өкүлдөрү «Мигранттардын жана диаспоралардын туруктуу өнүгүүнүн бардык багыттарына салымы, анын ичинде акча которуулары жана топтолгон социалдык чегерүүлөрдүн чакандыгы» темасына төртүнчү формалдуу эмес тематикалык жолугушуунун жыйналышына ка

July 24, 2017, 06:00

Бүгүн, 24-июлда, Нью-Йорк шаарында «Мигранттардын жана диаспоралардын туруктуу өнүгүүнүн бардык багыттарына салымы, анын ичинде акча которуулары жана топтолгон социалдык чегерүүлөрдүн чакандыгы» темасына төртүнчү формалдуу эмес тематикалык жолугушуунун жыйналышы(англисче аталышы «Contributionsofmigrantsanddiasporatoalldimensionsofsustainabledevelopment, includingremittancesandportabilityofearnedbenefits») башталып жатат. Миграция боюнча эл аралык уюм уюштурган ушул иш-чара НьюЙоркто 24-25-июлда өтөт.

 

Ошол эле учурда удаалаш «Диаспоралардын күчүн ачып көрсөтүү: өнүгүү үчүн жаңы өнөктөштүк» (англисче аталышы «Unlockingthepowerofdiaspora: newpartnershipsfordevelopment») темасына жолугушуу уюштурулуп жатат. Ар бир өлкөдөн эки катышуучу – мамлекеттик түзүмдүн өкүлү жана жарандык коомдун /диаспоранын өкүлү катышат. Өнүгүү процесстерине диаспораларды тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын тажрыйбасын КР Өкмөтүнө караштуу Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басарыАлмаз Асанбаев(AlmazAsanbaev)жана «Роза Отунбаеванын демилгеси»ЭКФнын аткаруучудиректору — ДогдуркүлКендирбаева бөлүшөт.

 

Дискуссиянын модераторуДр.КейтлинНьюланд болот, ал миграция жагынан белгилүү эксперт, АКШнын Миграциялык саясаты институтунун тең негиздөөчүсү, Өнүгүү процессине диаспораларды тартуу боюнча Жол Картасынын тең автору (МОМдун жана MPI’нин макалалары).

 

 

Кең-кесири: http://refugeesmigrants.un.org/contributions-migrants