«Кыз-эне» көргөзмөсүнүн ачылышы болду

July 25, 2017, 06:00

Бүгүн Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде «Кыз-эне» көргөзмөсүнүн ачылышы болуп өттү.

 

Экспозициянын ачылышында КР экс-Президенти Роза Отунбаева көргөзмө өзүнүн чеберчилигин муундан-муунга өткөрүп келаткан Кыргызстандын сүрөтчү жана чебер айымдарынын ишин келүүчүлөргө сунуш кылат деп белгиледи. Сүтөтчү/уз айымдар дүйнөлүк конкурстарда, көргөзмөлөрдө өлкөбүздү көрсөтөт, алардын эмгектери дүйнөнүн музейлеринин коллекцияларында турат, алардын иштери талап кылынат жана ийгиликтүү. «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду көркөм өнөрдөгү айымдарга колдоо көрсөтөт, бул көргөзмө да көрүүчүлөргө катышкан айымдардын талантына баа берүүгө жана Кыргызстандын мурасын жана маданиятын сактоодо аялдардын ролун түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

 

Ачылыштын учурунда көргөзмөгө катышкан модельерлер – Жумагүл Сариеванын, Бурул Мамбетованын, Алтынай Осмоеванын, Айдай Асангулованын эмгектери көрсөтүлдү.

 

Көргөзмөдө сүрөтчү жана чебер айымдардын – дизайнерлердин, модельерлердин, сүрөтчүлөрдүн, колөнөрчүлөрдүн, скульпторлордун 22 үй-бүлөсү жана династиялардын иштери сунуш кылынган. Айрым үй-бүлөлөр, мисалы, ТотуканГульбаеванын үй-бүлөсү чебер чоң энесинин иштерин сактайт, аларга 100 жылга жакындап калды. Ушул үй-бүлөдө Тотукан апа – бул уз айымдардын бешинчи мууну. Салтанат Кайбылдаева менен Асель Ормокеева – энеси менен кызы – экөө тең талантуу сүрөтчүлөр. МодельерФарзана Шаршембиева, «Sevensisters» брэндин негиздөөчү, бешинчи же кала берсе алтынчы муундагы чебер; анын иштерин түзүүгө анын алты эже-сиңдилери жана эки кызы жардам берет, кызынын кичүүсү болгону 16 жашта. Белгилүү арт-менеджер жана ЮНЕСКОнун эксперти ДинараЧочунбаеванын кызы Алтынай Осмоеваийгиликтүү модельер, бир тууганынын кызы –Айдай Чочунбаева – Лондондогу көркөм өнөр мектебинин бүтүрүүчүсү, кийизден жана жибектен моюн орогучтарды жана башка буюмдарды жасайт. Алардын үчөөнү тең ДинараЧочунбаеванын энеси, колунан көрү төгүлгөн Кокен апа үйрөткөн. Кыргызчапанынулуттук брэнд кылган ийгиликтүү Жумагүл Сариеванын апасы кийимди мыкты тиккен.

 

Ар бир үй-бүлөнүн чеберчилигинин, талантынын жана эненин кызына болгон көөнөрбөс мээриминин узак тарыхы бар жана кыздын же небере кыздын эне жана чоң эне жөнүндө эскерүүлөрүнүн учу-кыйыры жок.

 

Көргөзмө 12-августка чейин уланат. Бишкектиктерди жана борбордун меймандарын көргөзмөгө келүүгө чакырабыз.

 

Көргөзмө ШвейцариянынКРдагы Элчилигинин колдоосу менен уюштурулган.