Салтанат Чилдрес тинүй - бүлөлүк зомбулуктун ар кыл аспекттерине арналган мейман лекциясы болуп өттү
July 18, 2017, 06:0013-июлда ПРООНдун офисинде социалдык иш жагынан илимдин доктору, Демография Борборунун жана Висконсин Экология Университетинин (Мэдисон, АКШ) илимий кызматкери Салтанат Чилдрестин мейман лекциясы болуп өттү.
Лекциянын темасы «Кыргызстанда аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук: Кыйчалыш кырдаалдарда жардам берүү, ден соолукка жана үй-бүлөнүн өнүгүшүнө таасир этүү жана четтетүү, кийлигишүү боюнча чаралар».
Лекцияга төмөнкүлөр катышты: эмгек жана социалдык өнүгүү министринин кеңешчиси Э.А.Куйкеев, Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директору К.Узакбаев, ПРООНдунгендердик программаларынын өлкөлүккоординатору У.Даулетова, БГУнун Социалдык иш жана психология факультетининдеканы Э.Орозалиев, «Сезим» кризистик борборунун директору Б.Рыскулова жана жарандык коомдун өкүлдөрү, гендердик эксперттер, илимпоздор, бардыгы болуп 38 адам.
Лектор аялдардын өздөрүнүн көз карашынан алганда аялдарга карата баштан өткөн катаал мамилеге негизделген өзүнүн изилдөөсүнүн натыйжаларын презентациялады.Үй-бүлөлүк зомбулукту башынан өткөргөн аялдар менен терең интервьюнун сапаттык талдоосу жүргүзүлдү, ал аялдардын жардам сурап кайрылуу жана зомбулуктан арылуу тажрыйбасын, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүүдө, ошондой эле аны четтетүүдө укук коргоо түзүмдөрүнүн, саламаттык сактоожана социалдык кызмат көрсөтүү секторунунролун түшүнүү максатын көздөйт. Натыйжалар көрсөткөндөй, гендердик теңсиздик маданияты жана жана үй-бүлөдөгү зомбулукту кабыл алуу жардам сурап кайрылуу жолунда алгачкы тоскоолдук болуп саналат. Изилдөөлөрүй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдардын башынан өткөргөндөрүн, аларга жардам сурап кайрылууга, үй-бүлөдөгү зомбулуктан арылууга эмне тоскоолдук болуп жатканын түшүнүүгө багытталган.
Өлкөбүздө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча ЭСӨМ министринин кеңешчисининжана Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун директорунун маалыматы берилди (Аялдардын репродуктивдүү ден соолугуна зомбулуктун таасири жана саламаттык сактоонун контекстинде жардам берүү).
Лекция козголгон тема боюнча суроо-жооптор жана дискуссия менен аяктады.