Роза Отунбаева: «Бардык өлкөлөрдө кедейликтен арылуу жолдорунун бири – кенже курактагы балдарды өнүктүрүүүчүн сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү»

July 17, 2017, 06:00

2017-жылдын 15-июлунда Ош шаарында Ошмамлекеттик университетинин (ОшМУ) базасында Кыргызстандын экс-президентиРозаОтунбаеванын, БУУнун Балдар фондуну (ЮНИСЕФ) ЧыгышЕвропадагыжана Борбордук Азиядагы 21-өкүлчүлүгүнүн региондукдиректору АфшанХандын катышуусу менен туулгандан тартып 3 жашка чейинки балдарды эртелеп өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын алга илгерилетүү жана киргизүү боюнча форум өттү, форумга ошондой эле ЮНИСЕФтинКыргызстандагы фондунун башчысы ЮкиэМокуо, КР Өкмөтүнүн Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б.Ю.Юсупов, Ош шаарынын социалдык маселелербоюнча вице мэриН.С.Кадыров, КР БжИМдин өкүлү Н. А.Касымова катышты.

 

Форумдун максаты КР педагогикалык ЖОЖдорунун арасында бирдиктүү тармакты түзүүаркылуу 0дөн 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын алга илгерилетүү жана киргизүү болду. Форумга өнүктүрүүстандарттарын иштеп чыгуучуларжана эксперттер, башталгыч мектеп боюнча мектеп методикалык бирикмелеринин окутуучулары жана методисттери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, аймактык ооруканалардын жетекчилери, айылдык ден соолук комитеттеринин, ден соолукту чыңдоо кабинеттеринин өкүлдөрү, НПОлордунөкүлдөрү, Ош областынын Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунун жана Ош шаарынын орто билим берүү системаларынын өкүлдөрү, ОшМУнун, Ош педагогикалык институтунун профссордук-окутуучу курамы катышты. 

 

«Бардык өлкөлөрдө кедейликтен арылуу жолдорунун бири – кенже курактагы балдарды өнүктүрүү үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү», - деп эсептейт КРэкс-Президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева.

 

«Кенже курактагы инвестициялар өзүнүн дараметин толук ишке ашырууга бардык балдардын жөндөмдөрүн арттыруунун – алардын мектепте окууга өзүнүн кудуретин, андан соңжеткилең куракта бакубат жашоого алардын жөндөмдөрүн жогорулатуунун экономикалык жактан алда канча натыйжалуу ыкмаларынын бири болуп саналат. Бул кедейлик шартында өскөн балдар үчүн өзгөчө маанилүү. 20 жылдагы изилдөө эле буларды көрсөттү: жайсыз үй-бүлөлөрдөн чыккан, наристе катары кенде курактагы балдарды өнүктүрүүбоюнча сапаттуу программаларга катышкан балдар эрезеге жеткен куракта ушундай эле колдоону албаган өздөрүнүн теңтуштарына караганда 25 пайызга көп акча таап турат»,- деп баса белгиледи ЮНИСЕФтинрегиондукдиректоруАфшан Хан.

 

Форумда балдарды туулгандан тартып үч жашка чейин эртелеп өнүктүрүүбоюнча базалык стандарттар презентацияландыжана аларды мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык практикасына киргизүү жөнүндө маселе талкууланды.

 

Форумдун жыйынтыктары боюнча балдарды эртелеп өнүктүрүүбоюнча стандарттарды киргизүү жагынан өлкө боюнча педагогикалык ЖОЖдордун бирдиктүү тармагын түзүүболжолдонууда.