«Гений» радио программасы: Республикада балдардын жайкы лагерлерин уюштуруунун тажрыйбасы
July 1, 2017, 06:00Жыл сайын, мектептеги сабактар аяктаганда, ал эми жайкы каникулдар алдыда турганда, ата-энелер: «Өзүмдүн балам үчүн кызыктуу жана пайдалуу эс алууну жана ден соолукту чыңдоону кантип уюштурсам?» деп ойлоно баштайт. Лагерди тандоо учурунда көпчүлүката-энелер лагерлердин турган жерин, жолдомолордун наркын, лагерде балдар жашай турган турмуш-тиричилик шарттарын эске алат, ал эми баланын өзү дайыма шаңдуу жана кооз эс алууну күтөт.
Каникулда балдар эмне кылууга тийиш? Республикада балдардын жайкы лагерлеринин кандай түрлөрү бар? Бишкектин мектептеринин алдындагы лагерлердин иштешинин өзгөчөлүктөрү. Жеке билим берүү борборлору кандай кызыктуу программаларды сунуш кылат? Ушул жана башкалар жөнүндө биз Бишкек шаарындагы жана региондордогу лагерлерди уюштуруучуларыменен маектештик.
Радио эфирдин меймандары:
НурдиноваМахабат–Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
СарыгуловаЖылдыз–Бишкек шаарындагы № 85 мектептин директору;
ДөөткуловДүйшөн–Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы;
УмароваГүлбайра–Ош шаарындагы «Уникум» билим берүү борборунун директору.