Монтессори-педагогика боюнча курстун экинчи сессиясы аяктады
July 3, 2017, 06:0015-25-июнда Монтессори-педагогика боюнча курстун экинчи сессиясы өттү. Сессияны Москва шаарындагы Монтессори-педагогика эл аралык институтунун педагогу Анжелика Залеская өткөрдү. Бардыгы болуп экинчи курста 18 адам окуп жатат. Курс аяктагандан кийин катышуучулар диплом алган Монтессори-педагогдордун катарын толуктайт, жаңы Монтессори-балдар бакчалары ачылат жана дагы бир нече ондогон балдар балдарды өнүктүрүүнүн жана балдар психологиясынын маңызын түшүнгөн педагогдор жана ата-энелер менен бирге өздөрүнүн потенциалын ишке ашыра алат деп үмүттөнөбүз.
Сессиянын алкагында Ололохаустаата-энелер үчүн лекция өткөрүлдү, анда машыктыруучу балдар психологиясы жөнүндө, баланы окууга жана таанып-билүүгө кантип кызыктыруу керектиги жөнүндө айтып берди.
Кийинки сессия 11-20-июлда Бишкек шаарында Жал кичи районундагы «Семья» Монтессори-балдар бакчасынын базасында өтөт (Тыналиевкөчөсүнүн жана ТүштүкМагистралдын кесилиши).
Маалыматүчүн телефон: 0772 800 376.