Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаева Берлинде өткөн Миграция жана өнүктүрүү боюнча глобалдык форумдун ишине катышты

July 3, 2017, 06:00

2017-жылдын 28-30-июнунда Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И. Отунбаева Берлинде Миграция жана өнүктүрүү боюнча глобалдык форумдун (МӨГФ) ишине катышты. Ал ошондой эле Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) директорунун алдындагы Консультациялык Кеңештин мүчөсү катары анын ар жылдагы жыйналышына катышты.


ЭМУ2016-жылдан тартып БУУ системасынын бөлүгү болуп калды. БУУнун Башкы катчысынын Миграция маселелери боюнча атайын өкүлү даярдаган, 2017-жылдын февралында БУУ БАга киргизилген баяндамада мындай деп айтылат: «Коомдун миграциясы болмоюнча бүткүл дүйнөдө азыркыдай өнүгүү деңгээлине эч качан жетишилмек эмес. Ошондуктан азыркы учурда, жарым кылымда планетадагы адамдардын саны эки эсе өскөндүгүнүн, ал эми сапарларга баруу жана байланышты камсыз кылуу тез жана оңой болуп калгандыгынын, болуп көрбөгөндөй сандагы адамдар бир өлкөдөн башкасына өтүп жаткандыгынын фактысы таң калууну да, өкүнүчтү да пайда кылбайт. Жакынкы ондогон жылдарда, өнүгүүдө прогресске жетишүүгө жараша, башка жакка көчүүнү каалагандар улам көбөйө берет жана бул үчүн алардын мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. Миграция улана берет».


Белгилүү болгондой, БУУ БАнын жогорку деңгээлдеги жыйналышынын жыйынтыктары боюнча 2016-жылдын сентябрында БУУгамүчө мамлекеттерэки – качкындар жөнүндө жана коопсуз, иретке келтирилген жана жөнгө салынуучу миграция жөнүндө глобалдык келишимдерди иштеп чыгуунун эки жылдык процессине киришти. Бул документтер жагынан иштөө, алар боюнча прогресс МӨГФтө талкууланды.