Роза Отунбаева «Жаш саясатчынын мектебинин» катышуучулары менен жолугушту
June 16, 2017, 06:002017-жылдын 15-июнунда «Виктори» бизнес-борборунда Кыргыз Республикасынын экс-Президенти жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу Р.И.Отунбаева «Лигал Просперити» коомдук фонду уюштурган «Жаш саясатчынын мектеби» эки күндүк билим берүү семинарынын алкагында саясий партиялардын жаш лидерлери менен мейман жолугушуусун өткөрдү.
Өткөн жылдан бери уюм «Чечимдерди кабыл процесстерине жаштардын катышуусу» долбоорун ишке ашырып жатат. Бул долбоордун алкагында өлкөнүн бардык региондорундасаясий партиялардын жаштар канаттарынын 125 мүчөсү үчүн бир күндүк семинарлар өткөрүлдү. Бул семинарлардын жыйынтыктары боюнча 2017-жылдын 14-июнунан 15-июнуна чейин БишкектеЖаш саясатчынынжайкы мектеби өттү.
Жаш саясатчынынжайкы мектеби – бул саясий курулуш жана ачык саясат жагынан негизги билимдерди алууга багытталган эки күндүк билим берүүчү иш-чара, ал азыркы саясий жагдайда жаш лидерлерге жакшы багыт алууга жардам берүүгө чакырылган. Иш-чара Кыргызстандын бардык региондорунан ар кыл саясий партиялардын 25 жаш лидерин чогултту.