20-24-июнда Бишкек шаарында «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы болуп өттү
June 28, 2017, 06:0020-24-июнда Бишкек шаарында «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» – мектептердин алдындагы жайкы лагерлер боюнча кербен» акциясы болуп өттү.
Акциялар Бишкек шаарынын төмөнкүдөй бир нече мектептеринде өттү:№№11,89, 66, 32, 28, 9, 72, 84, 58, 88 орто мектептери.
Белгилүү болгондой, бул долбоорго өлкөбүздүн белгилүү адамдары катышат. Акциянын алкагында балдарга төмөнкүлөр китеп окуп берди: ЮристанбекШыгаев - Г.АйтиеватындагыКыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору, Сулайман Рысбаев –балдар жазуучусу, педагогикалык илимдердин доктору, профессор, Динара Чочунбаева - сүрөтчү, ЮНЕСКОнунматериалдык эмес мурас боюнча эксперти, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүбоюнча эксперт, Жылдыз Акаева - балдар жазуучусу, Нурзат Токтосунова – телекөрсөтүүнүн алып баруучусу, Алтын Капалова - балдар жазуучусу, Бурул Асакеева - «Рабаят» куурчак театрынын жетекчиси, Жомарт Жолдошев –«JomartandPartners»юридикалык компаниясынын президенти, Эрмек Нурбаев-шоумен, «Тамашоунун» негиздөөчүсү. Ошондой элебалдарды Шрек жомок каарманы кубандырды.
Китеп окуудан балдар көптөгөн жакшы таасирлерди алды. Кичинекей угуучулардын арасында ырдаганды, бийлегенди, сүрөт тартканды жана башкаларды билген өтө көп сандаган балдар болду. «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясына чоң кишилер да канааттанды.
Иш-чара китеп окууну актуалдаштырууга, өсүп келаткан муунга китепти сүйүүнү каныктырууга багытталган. Бул акциянын алкагында Кыргызстандын ийгиликтүү жана белгилүү инсандары 5 жаштан 11 жашка чейинки балдар менен жолугушууларды өткөрдү, алар балдар үчүн өздөрүнүн сүйүктүү жомокторун жана ата-мекендик, ошондой эле чет өлкөлүк ар түрдүү авторлордун аңгемелерин окуп берди.
Акцияны «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондуБишкек шаарынын билим берүүдепартаменти менен бирге уюштурду.
Акциялардын өнөгү коомду жана бүтүндөй алганда мамлекетти өнүктүрүүгө көңүлкош эмес жаш балдардын демилгеси боюнча түзүлгөн, өзүн-өзү башкаруучу, өзүн-өзүфинансылоочу жана коммерциялык эмес уюм – «Лидер» жаштар клубу» болду.
Акцияга бардыгы болуп 540 бала жана 10 жылдыз катышты.
Бул акция 30-июнга чейин улантылаарын белгилеп кетүү керек.