Өлкөнүн бардык областтарында тарбиячылар, жайыт комитеттеринин өкүлдөрү жана «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору - 2017ни» уюштуруучулар үчүн тренингдер аяктады

June 24, 2017, 06:00

2017-жылдын 5-июнунан 17-июнуна чейин «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун тарбиячылары, уюштуруучулары үчүн жана жайыт комитеттеринин өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрдү.

 

Тренингдерге бүткүл өлкө боюнча 259дан ашык катышуучу катышты.

 

Тренингдин учурунда Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунун уюштуруучулары, тарбиячылары:

- Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору үчүн атайын иштелип чыккан балдарды өнүктүрүү программасы:

- жайлоодогу мыкты өнүктүрүү борборлорунун тажрыйбасы;

- балдарды экологиялык тарбиялоонун сабактары;

- колдонмо көркөм өнөр боюнча сабактарды өткөрүү;

- маданияттар аралык диалогдун жөндөмдөрү (сабырдуулук, конфликтология)менен таанышты.

 

Тренинг «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси боюнча Жайыт департаменти, жогорку окуу жайлар, райондук элге билим берүү бөлүмдөрү, областтык билим берүү институттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыменен кызматташтыкта өткөрүлүп жатат. Белгилеп кетүү керек, Түштүк областтарда (Ош, Жалал-Абад жана Баткен) «Жаратылыш ресурстарын натыйжалуу башкаруу аркылуу Кыргызстанда жана Тажикстанда туруктуулукту чыңдоо» долбоорунун алкагында Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин (DFID) финансылык колдоосу менен Ага Хан Фонду менен кызматташтыкта өткөрүлдү.

 

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү телефонго кайрылууңуздарды өтүнөбүз: 0312 621603

 

Маалымат үчүн: «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун» ачуу «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси боюнча Жайыт департаменти, жогорку окуу жайлар, Балдардын чыгармачылык борборлору, райондук билим берүү бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз кызматташтыкта жүзөгө ашырылууда.