Европалык Бирликтин КРдагы өкүлчүлүгү «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» балдар китептерин жана энциклопедияларды берди
June 26, 2017, 06:00Европалык Бирликтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна» 73 050 сом суммасына 144 даана таанып-билүүчү, сүрөттөрү бар балдар китептерин жана энциклопедияларды берди.
Бул китептер мектепке чейинки жана кенже мектеп курагындагы балдар үчүн мыкты белек болуп калат жана алардын дүйнө таануусун кеңейтүүгө көмөктөшөт.
Китептер бүткүл республика боюнча бардык Жайлоодогу өнүктүрүү борборлоруна таратылат.
«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору - 2017» долбоору өз ишин баштады. Быйылкы жылы республика боюнча 100 Жайлоодогу өнүктүрүү борбору ачылып, балдарды өнүктүрүүгө жана ата-энелерди даярдоого салым кошмокчу.
Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорундагы балдар үчүн китептерди алууга жардам бергендиги жана көмөктөшкөндүгү үчүн Европалык Бирликтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө жана өкүлчүлүктүн кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз.