Отунбаева Роза Исаковнанын Нарын облусундагы «Жайлоо өнүгүү борборлорунун» ишмердүүлүктөрү менен таанышуусунан фоторепортаж

June 27, 2017, 06:00

Роза Исаковна 18-июнда Кочкор районундагы Чолпон айыл округуна караштуу Кызарт жайлоосуна чыккан “Бүчүр” жайлоо өнүгүү борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул иш-чарага Кочкор райондук администрациянын жетекчиси Керимкулов Нурлан, орун басары Садыкова Элмира жана башка коомдук өкүлдөр катышты. Аталган өнүгүү борбору үч жылдан бери Кызарттын белине чыккан ата-энелер жана балдар үчүн кызмат көрсөтүп келе жатат. Борбордун негизги өзгөчөлүгү балдардын музыкалык жөндөмдүүлүктөрүнүн жакшы ачылгандыгында.


19-июнда Роза Отунбаева жана КР Өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева баштаган делегация Ат-Башы районуна караштуу Казыбек жана Кара-Суу айыл округдарынын Талаа-Булак жайлоосундагы жайлоо өнүгүү борборлорунун ишмердүүлүктөрү менен таанышышты.


Өзгөчө Казыбек АО караштуу Жеткинчек жайлоо өнүгүү борборунун башчысы Молдокулова Гүлай жетектеген эмгек жамааты коомчулук менен кызматташтыкта иш алып барууда. Борбор жайыт колдонуучулар жана ата-энелер менен тыгыз иштөөнүн натыйжасында күн чырагы, тоо шартында душ орнотушуп, балдар үчүн максималдуу шартты түзгөндүгү менен айырмаланып турат. Ошондой эле тарбиячылардын балдар менен иштөөдөгү чеберчиликтери да мактоого арзыйт.