Назарбаев университетинин профессору лекция окуйт
June 27, 2017, 06:00Эртеӊ 28-июнда саат 10.00 дө Ош мамлекеттик университетинде Казак Республикасынын Назарбаев университетинин окутуучусу, илимдин доктору, профессор Д.А.Шаматов аталган окуу жайдын окутуучулары үчүн атайын лекция окуйт. Лекциянын темасы Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окутуунун эффективдүү стратегияларын колдонуу жолдору деп аталат.
Лекция учурунда окутуунун заманбап интерактивдик ыкмалары колдонулат. Тактап айтканда “Муз жаргыч” деген аталыштагы көнүгүү , катышуучулардын өзүн-өзү баалоосу, топтордо иштөө, жыйынтыктардын дискуссиясы ж.б.
Белгилей кетсек, аталган иш чара Кыргызстандагы Эл аралык Миграция боюнча уюмдун жана Эл аралык кызматташтык боюнча швейцариялык бюронун финансылык колдоосу менен “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Мекендештер” долбоорунун алкагында жүзөгө ашып жатат.