«Эне мектептери» КР экс-Президентине ыраазылык жолдошту
June 23, 2017, 06:00Жакында Кыргыз Республикасыныгн экс-Президенти “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун жетекчиси Р.И.Отунбаеванын дарегине Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Акман, Базар-Коргон айыл аймактарында жана Жалал-Абад шаарынын “Чыӊгыз Айтматов” шаардык муниципалдык башкаруу аймагында ачылып, иштеп жаткан 20 “Эне мектептердин” жана элдин атынан ыраазылык кат келди. Анда Р.Отунбаеваны бул “Эне мектептерге” колдоо көрсөткөнү үчүн чын дилден ыраазылык билдиргенин жазышкан.
Буга чейин КР экс-Президенти Роза Отунбаева 2016-жылдын май айында“Эрайым” АКБсы тарабынан ачылган бир катар «Эне мектептеринин» иши менен жеринен таанышып кайткан. Ошондо айрым жетишпестиктерди, муктаждыктарды байкап, жардам бере тургандыгын айткан эле. Көп өтпөй экс-Президент облустагы иштеп жаткан “Эне мектептериндеги” балдар үчүн ар кыл оюнчуктарды жиберген. Мындай баалуу белектерди кабыл алууну долбоордун эки облустагы активисттери уюштурушуп, бардык “Эне мектептердин” жетекчилигине тапшырышты.
Ушундай “Эне мектеби” жакында Р.И.Отунбаеванын демилгеси менен Өзгөн районундагы Зергер айыл өкмөтүнө караштуу жер көчкү кырсыгы болгон Аюу-Сай айылына жакын жайгашкан Кайрат айылында да ачылды. Азыр бул мектепке 22 бала келип тарбияланып жатат. Ага Р.Отунбаева 8-май күнү Аюу-Сайдын тургундары менен жолугушууга барган учурунда керектүү оюнчуктарды жана китептерди жеткирип берген. Бул аймакта жакын арада дагы бир ушундай Энелер мектебин ачуу пландалып жатат. “Энелер мектебинин” максаты – балдарга билим, тарбия берип, ар тараптан өнүктүрүү, энелердин бул багыттагы тажырыйбасын арттыруу болуп саналат. Азыркы учурда белгилүү педагог, Бишкектеги №186 балдар бакчасынын директору, “Эрайым” коомдук бирикмесинин эксперти Д. Майгулакова бул жаңы ачылган Эне мектептерине барып ата-энелер үчүн окуу-көндүмдөр боюнча сабак өтүп келди.
Белгилей кетсек, “Эне мектебин” уюштуруу Р.Жусупова жетектеген “Эрайым” аялдардын коомдук бирикмеси тарабынан 2014-жылдан бери Кыргызстандын түштүк аймагында жүзөгө ашып келет. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын кайсыл аймагын албайлы көптөгөн ата-энелер жумушсуздуктун айынан иштеймин деп сыртка чыгып кетишкен. Ал эми алардын балдары чоң ата, чоң энелердин жана туугандарынын колунда калып, негизи жетиштүү тарбия албай жатышкандыгы ачуу чындык. Ошол эле мезгилде бала-бакчага барбай калуу көйгөйү жаралууда. Мындай көйгөйлүү маселени чечүү максатында “Эрайым”аялдар коомдук бирикмеси “Салттык жана заманбап усулдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын түштүгүндө элдердин достугун, ынтымагын жана биримдигин бекемдөө” долбоорунун алкагында Ош облусунун Кара-Суу районундагы Шарк,Кызыл-Кыштак, Мады айыл аймактарында, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарына караштуу “Чынгыз Айтматов” аймактык башкаруусунда, Базар-Коргон районундагы Акман жана Базар-Коргон айыл аймактарында жашаган элдердин жашоо шартын жакшыртуу жана көйгөйлөрүн аныктоо,чечүү максатында мектепке чейинки балдар үчүн “Эне мектебин”расмий ачып, алар үзгүлтүксүз иштеп келүүдө. Азыркы учурда долбоорго кирген аймактарда ачылган“Эне мектепке” келген балдардын жалпы саны бир жарым миңден ашты.Алардын арасынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, жалгыз бой аялдардын балдарына, жашоо шарты оор болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жеңилдиктер көрсөтүлгөн, ал эми кээ бир балдар акысыз тарбияланууда.