Нарында балдарды эртелеп өнүктүрүүгө арналган форум болуп өттү
June 21, 2017, 06:002017-жылдын 20-июнунда Нарын шаарындагы “Жаштар ордосунда” “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.Отунбаеванын жана Кыргыз Республикасындагы БУУ ЮНИСЕФтин Билим берүү боюнча координатору Ч. Джумагулова айымдын катышуусу менен “Жаңы төрөлгөндөн баштап 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүгө багытталган базалык Стандартты пайдаланууну ишке ашыруу” боюнча үчүнчү Форум болуп өттү. Белгилей кетсек, Мындай форумдар буга чейин Баткен жана Талас шаарларында болуп өткөн.
Форумга КР Өкмөтүнүн Нарын областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлү А.К. Кайыпов, КР Өкмөтүнун Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн социалдык тармактар боюнча орун басары Ж.Б.Исакова , КР Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун педиатр-эндокринологу Ф.Б.Исакова , эксперт А.Камалова, “Р. Отунбаеванын демилгеси” ЭКФ аткаруучу директору Д.Ш. Кендирбаева жана райондук мамлекеттик администрация башчыларынын социалдык тармактар боюнча орун басарлары, Нарын мамлекеттик университетинин педагогикалык факультетинин окутуучулары, студенттери, бала бакчанын директорлору, үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы дарыгерлери, төрөт үйүнүн акушер гинекологу,балдар ооруканасынын врачтары, Айылдык ден соолук комитеттеринин, Ден соолукту чыңдоочу кабинеттердин өкүлдөрү, аймактык оорукананын башкы дарыгери, төрөт, балдар бөлүмүнүн башчылары жана ата энелер катышты.
Форумдун ачылышында акын Зайырбек Ажыматов жана М.Самыйкожо “Падышам “ “Балдарга” деген ырларын катышуучуларга арнап окуп беришти.
КР Өкмөтүнүн Нарын областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлү Кайыпов Аманбай Кайыпович Форумду ачып , форумдун катышуучуларына жана уюштуруучуларына терең ыраазычылыгын айтып, сөз кезегин Р.И.Отунбаевага берди.
КР экс-президенти Р.И.Отунбаева өз сөзүндө, азыркы учурда айыл жергесинде жашаган балдарга аз көңүл бурулуп жаткандыгын, ал эми шаарда жашап жаткан балдар үчүн көптөгөн иш чаралар өткөрүлүп турарын белгиледи. Ошондой эле ал эӊ жакшы инвестиция бул балдарга экендигин айтып, балдарга инвестиция салуу зарылдыгына токтолду. Анткени эрте жаш курактагы балдарга инвестиция салуу ар бир мамлекеттин өнүгүү келечегинде жана кедейликти кыскартууда маанилүү багыт болуп саналаарын дагы бир ирет бышыктады. ЮНИСЕФ тарабынан балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары иштелип чыкканын айтып, бул эл аралык уюмга ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Р.Отунбаева Кыргыз Республикасынын педагогикалык жогорку окуу жайларынын ортосунда бирдиктүү желени түзүү аркылуу балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу бүгүнкү Форумдун максаты экенин белгиледи.
Ошондой эле КР экс-Президенти сөзүндө Нарын областында кыргыз тили абдан так, тарбиячылардын аракеттери жакшы, чыйрак жана тыӊ экен деп белгилеп кетти.Буга чейин Р.Отунбаева Ат-Башыдагы Казыбек округуна караштуу Талаа Булак жайлоосундагы “Жеткинчек” жайлоо бала бакчасын жана Кочкордогу жайлоо бала бакчаларынын ачылыш аземине катышып келген.
Форумдун жүрүшүндө эксперттер Ф.Б.Исакова, А.Камалова, Д.Омуралиева Балдарды жаӊы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары тууралуу презентация өткөрүштү. Бул документтин балдарды тарбиялоодогу маанисине токтолушту.
Фонддун аткаруучу директору Кендирбаева Д.Ш форумдун катышуучуларына баланын төрөлгөндөн үч жашка чейинки мезгилдеги өнүгүүсүнө туура мамиле жасоонун абдан маанилүүлүгүнө кеңири токтолуп айтып берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын педагогикалык жогорку окуу жайларынын ортосунда бирдиктүү Желени түзүү аркылуу балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу бүгүнкү Форумдун максаты экенин белгиледи.
Андан соң Форумдун катышуучулары төрт жумушчу топторго бөлүнүп , эксперттер менен биргеликте «Жаны төрөлгөндөн тартып үч жашка чейинки балдарды эрте өнүктүрүүнүн базалык Стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу үчүн маалымат алмашууга жана педагогикалык кадрларды даярдоо жана кайра даярдоонун сапатын жакшыртууга багытталган КР педагогикалык окуу жайларынын ортосунда бирдиктүү Желени түзүү боюнча иш-пландарын сунушташты .