Бишкектин мектептеринин алдындагы лагерлерде«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени өтөт
June 20, 2017, 06:0020-июндан 30-июнга чейин Бишкек шаарынын жайкы мектеп лагерлеринде «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» кербени өтөт. Иш-чараны«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду уюштурган.
«Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» долбоорунун максаты – китеп окууга коомдук кызыгууну арттыруу жана китеп окуу процессине балдарды максималдуу тартуу. Бул демилге инновациялык ишти өнүктүрүү аркылуу китеп окуу маданиятын жогорулатууга, китепканалардын кадыр-баркын, алардын социалдык статусун жана шаардын турмушундагы маанилүүлүгүн жогорулатуу максатында жаңы идеяларды жана иштин формаларын алга илгерилетүүгө багытталган.
Бул долбоордун актуалдуулугун белгилөө максатында ушул акцияборбордун төмөнкү мектептеринин алдындагы лагерлерде 10 күн бою өтөт деп пландаштырылууда: №№11, 89, 66, 32, 19, 28, 69, 9, 42, 72, 84, 58, 88, 80, 90 жана 28 орто мектептер.
Акцияларга төмөнкүдөй жылдыздар катышат: Жылдыз Акаева –балдар жазуучусу, Бурул Асакеева - «Рабаят» куурчак театрынын жетекчиси, Сауле Мейрманова – Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын начальниги, Шигаев Юристанбек -Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору, Динара Чочунбаева - сүрөтчү, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурас боюнча эксперти, кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүбоюнча эксперт, Эрмек Нурбаев – шоумэн, Жоомарт Жолдошев – юридикалык компаниянын президенти, Азамат Уланов - актер (“Апамды издеп” фильминде тартылган), «Шрекжана Фиона» куурчак театрынын жомок каармандары, Эрмек Кадыров – «Тумар» тобунун бийчиси, Бакыт Байсариев – шоумэнжана башкалар.