Жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын пайдаланууну ишке ашыруу боюнча Форум

June 16, 2017, 06:00

2017-жылдын 20-июнунда Нарын шаарында Нарын мамлекеттик университетинин базасында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму болуп өтөт.


Иш чарага кыргыз Республикасынын Экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ) башчысы Юкиэ Мокуо, КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү А.К.Кайыпов, КР Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун педиатр –эндокринологу Исакова Феруза Бакасовна, Нарын мамлекеттик университетинин ректору Омуралиева Дамира Кемеловна, ошондой эле аталган стандартты иштеп чыккандар , эксперттер, окутуучулар жана башталгыч класстар боюнча методикалык бирикмелердин методисттери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун жетекчилери жана Нарын Мамлекеттик университетинин студенттери жана педагогикалык жамааты катышат.

 

Р.И.Отунбаева «Кайсы гана мамлекетте болбосун балдардын эртелеп өнүгүүсү үчүн сапаттуу кызматтарды түзүү – кедейликти жоюунун маанилүү жолдорунун бири» деп эсептейт.


2016-жылы ЮНИСЕФтин колдоосу менен эксперттер тарабынан балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары иштелип чыкты.


Форумдун максаты – Кыргыз Республикасынын педагогикалык жогорку окуу жайларынын ортосунда бирдиктүү желени түзүү аркылуу балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу.


«Форум азыркы Кыргызстандын балдарынын эртелеп өнүгүүсү сыяктуу актуалдуу проблемага арналып жатат. Анткени эрте жаш курактагы балдарга инвестиция салуу ар бир мамлекеттин өнүгүү келечегинде жана кедейликти кыскартууда маанилүү багыт болуп саналат. Балага жумшалган ар бир доллар инвестиция ал чоӊойгондо 7$ болуп кайтат» дейт Юкиэ Мокуо.

 

Форум учурунда 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары тууралуу маалымат берилет жана аларды мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык практикасына киргизүү жөнүндөгү маселе талкууга алынат. Форумдун жыйынтыгында балдарды эртелеп өнүктүрүү боюнча Стандарттарды киргизүү максатында педагогикалык жогорку окуу жайлардын бирдиктүү Желесин түзүү каралып жатат.


Аталган иш чара Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ)тин колдоосу менен «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан өткөрүлүп жатат.


Контакты: Т.Шайдуллаева 0772 85 57 10 0552 85 57 10