«Аялдан киносу жок, кинематографтагы аялдар бар» – «Назиктиктин күчү жана көркөм өнөрдүн катаалдыгы. Аялдар Кыргызстандын киносунда» киноальбомун презентациялоонун пресс-релизи

June 13, 2017, 06:00


«Назиктиктин күчү жана көркөм өнөрдүн катаалдыгы.

Аялдар Кыргызстандын киносунда»

киноальбомун презентациялоонун пресс-релизи

 

 

2017-жылдын 23-июну. Кино үйү. 17.00-18.00

Логвиненко көчөсү 13

 

 

Көпчүлүкөлкөлөрдө кинорежиссердун кесибин демейде эркектердин кесиби деп эсептешет, бирок Кыргызстанда кинодо аялдардын кубаттуу плеядасы: режиссерлор, сценаристтер, сынчылар, монтаждоочулар ийгиликтүү иштеп жатат. Алардын иштери эң белгилүү дүйнөлүк: Венеция, Канн, Берлин, Монреалькинофестивалдарына дайыма катышып жана жеңип жатат!

 

Аялдан киносу жок, деп эсептешет бул киноальбомдун катышу учулары, кинодогу аялдар бар! 

 

«Назиктиктин күчү жана көркөм өнөрдүн катаалдыгы. Аялдар Кыргызстандын киносунда» киноальбому окурмандарга айымдардын иши болбогон, көркөм өнөрдүн ичинен эң күчтүүсү – кинодо иштеген аялдардын бейнесин сунуш кылат. Кыргызжана совет киносунун легендасы Динара Асановадан тартып эң жаш чеберлерге чейин. Бул жерде фидьмдерди түзгөн биздин адамдык баа жеткис чыгармачыл ресурсубуз бар, алар өз тагдырын өзү аныктоонун, жаңы мамлекетти куруунун, ааламдашып жаткан дүйнөдө кыргыздардын өз алдынчалуумаданиятын жана тарыхын дүйнөгө көрсөтүүнүн татаал жолунда элди агартат, тарбиялайт, тазалайт жана ага дем берет. 

 

Китепти «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду кыргыз киносунда жаңыдан жаралып келаткан бардык таланттар менен тааныштыруу, ушул өнөрдү аркалоого ниеттенген кыз-келиндерге горизонтторду ачуу жана аларга дем берүү үчүн ойлоп тапкан жана түзгөн. Өнүгүүнүн алда канча орчундуу көйгөйлөрүнө аялдардын терең көз карашы өзгөчө маанилүү, дүйнөдө талап кылынат!

 

Ушул долбоорду колдогондугу үчүн Швейцариянын Элчилигине ыраазычылык билдиребиз.

 

Кыргыз киносун бардык сүйүүчүлөрдү ушул альбомдун презентациясына, ата-мекендик кинонун ишмерлери менен жолугушууга чакырабыз.

 

Маалыматүчүн телефон: 660 368, www.roza.kg