«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ«Кыздар-энелер» же Мурас боюнча көркөм өнөр» көргөзмөсүн сунуш кылат
June 14, 2017, 06:00«Энесин көрүп кыз өсөт»
«Кыздар-энелер» көргөзмөсүнүн пресс-релизи
2017-жылдын 25-июлу, саат 15-00
Г. Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейи
25-июлдан 12-августкачейинкөргөзмөгө келүүгө чакырабыз!
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду «Кыздар-энелер» же Мурас боюнча көркөм өнөр» көргөзмөсүн сунуш кылат. Бул көркөм өнөрдөгү муундардын жолун жолдоочулугунунконцептуалдык көргөзмөсү. Визуалдык көркөм өнөр жагындагы алда канча белгилүү жана таланттуу айымдардын эмгектеринин бүткүл спектри – колдонмо көркөм өнөр, көл өнөрчүлүк, кийимдин дизайны, живопись жана графика сунуш кылынат. Бул көргөзмө сүрөтчү же чебер эненин көркөм өнөрү кыздын тандоосуна кандай таасир этээрин, чеберчиликтин жана көркөм өнөргө болгон сүйүүнүн көзгө көрүнбөгөн линиясы улуу муундан жаш муунга кантип үзгүлтүксүз өтүп жатканын көрсөтөт. Анткени дал айымдар дайыма элдин руханий маданий мурасын сактоочулар болгон.
Көргөзмөнүн концепциясынын автору – Динара Чочунбаева,ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурас боюнча эл аралык эксперти.
Көргөзмө Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигинин колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулган.
Көргөзмөнүн катышуучуларынын арасында төмөнкүлөр бар: кыргыз кесипкөй колдонмо көркөм өнөрүн негиздөөчүлөрдүн бири ШакенМамбетаипова(1936-1995-жж.) сүрөтчү кызы Дамира Касаболотова менен, дизайнер Татьяна Воротниковакызы – дизайнерПолина менен, живописчиДанаканАдашкановажана анын кызы кийимдизайнери АйпериОбозова, «Кереметкоч» мультсериалынын сүрөттөрүнүн авторуКульнарРымбекжана анын кызы Нурай (живопись) жана Айдай (чий менен токуу), кийиз боюнча белгилүү чебер ЖамбыКарыбекова үч кызы менен жана башкалар. Бардыгы болуп көргөзмөдө 20 үй-бүлөнү жана династияны билдирген 9 жаштан 90 жашка чейинки ар кыл курактагы 50дөн ашык сүрөтчүнүн иши сунуш кылынган. Көпчүлүккатышуучулардын иштери «ЮНЕСКОнун сапат белгиси» сыйлыгы менен белгиленген.
Бардык бишкектиктерди жана борбордун меймандарын көргөзмөгө келүүгө чакырабыз!
Маалымат төмөнкү сайтта: www.roza.kg; маалыматүчүн телефон: 660 368, 0772 800 376