КР экс-Президентинин кайдыгер эмес жарандардын баарына Кайрылуусу

June 15, 2017, 06:00



КР экс-Президентинин кайдыгерэмесжарандардынбаарына Кайрылуусу.


Урматтуу Мекендештер,


Быйылкы жаздагы жаратылыштын апаат кырсыктары өлкөбүздүн түштүк тарабындагы замандаштарыбызга жан чыдагыс кайгы, азап менен коштолгон залалды алып келди. Көптөгөн жарандарыбыз бир заматта жакын адамдарынан, үй-жайынан, жыйган-тергенинен ажырап отуруп калды. Арасында бир үй-бүлөдөн 5-6дан жакындарын жоготокондор бар. Алар башына түшкөн бул мүшкүл кайгыдан мөгдөп, азырга дейре өзүнө келе албай жатышат.


Жай айы көздү ачып-жумганча өтүп, кыш келип калат. Азыр көчкүдөн жабыркагандарга коопсуз жерлерден там салуу үчүн участак берилип жатат. Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Аюу-Сай айылынан эле 101 үй-бүлө жаңы жерге көчүрүлүүдө, алардын 80% жакыр жашагандар, көпчүлүгү жаш аялмет, көп балалуу. Өкмөт баарынан көп жабыркаган 7 үй-бүлөгө үй куруп берүү милдетин алды. Мындан тышкары калгандарына жеңилдетилген ссудаларды бермей болушту. Эптеп кышка чейин башпаанек куруу үчүн аракеттер башталды.


Өлкөдө азыр эки банктык эсеп ачылып (Өзгөн районундагы жер көчкү жана Чоң-Алайдагы жер титирөө), аларга ыктыярдуу берилген каражаттар келип түшүүдө. Бактыга жараша, жабыркагандардын жок дегенде бирөөсүнө үй салып берейин деген айрым меценанттар жана демөөрчүлөр чыгып жатышат. Бирок бу кырсык адамдарга алып келген залалдардын өлчөмү көп экендигин көрүп турабыз.


Өзгөнгө келип, көчкүдөн жабыркаган эл менен жолугушканыбыздан кийин жок дегенде бир үй-бүлөгө үй куруп берүүгө каражат топтоп берели деп чечтик. Айылдагылар баарынан көп муктаж болгон үй-бүлөлөрдүн ичинен бирөөсүнө жардам берүүнү сунушташты. Ал үй тоо этегинде, чуңкур жерде жайгашкандыктан, суу басып, жарактан чыккан. Ал эми мал-келин сарайлары менен кошо көчкү басып калган.


Бул Коргонбаев Анваржан Назирбаевичтин (1974 –ж төрөлгөн) үйү. Ал бул апааттан агасын жана жээнин жоготкон. Анын аялы жана 1999, 2001 жана 2005-жылдары төрөлгөн үч кызы бар. Жайдын ар бир күнү бул үй-бүлө үчүн өтө мааниге ээ болуп турат. Кош колдоп кубаттап, көптөп жардам берип гана башына мүшкүл түшкөн замандаштарыбыздын аз да болсо кайгысын жеңилдетип, эртеңки күнгө болгон жашоо үмүтүн жандырган болоор элек. Жөнөкөй эле үй салып берүү бери дегенде бир миллион сом турат. Жайдын кыска мезгили ичинде Анваржанүйүн куруп алууга үлгүрүшү керек.


Биздин Фонд Коргонбаев Анваржан Назирбаевичтин атына KICB банкынын Өзгөндөгү бөлүмүнө эсеп ачты.


KGS кыргыз сому менен

Алуучу: КоргонбаевАнваржанНазирбаевич

Алуучунунэсеби: 1280076039536103

Алуучунунбанкы: ЗАО «Кыргызский Инвестиционно-Кредитный банк», Кыргыз Республикасы

БИК: 128007


EURO менен эсептин номери

Beneficiary name: Korgonbaev Anvarzhan Nazirbaevich

Номерсчета 1280076039545395

Beneficiary Bank CJSC Kyrgyz Investment and Credit Bank, Bishkek, Kyrgyz Republic

SWIFT: KICBKG22

Correspondent bank: 1. Raiffeisen Bank International AG, am Stadtpark 9, 1030 Vienna, Austria

SWIFT: RZBAATWW

Account № of KICB 000-55066534

Correspondent bank: 2.PAO Promsvyazbank

Moscow Russia

SWIFT: PRMSRUMM

Account № of KICB: 30111978540000609902

Intermediary Bank of Promsvyazbank: Deutsche Bank AG Frankfurt/Main, Germany

SWIFT: DEUTDEFF

 

USD доллар менен эсептин номери

Beneficiary name: KorgonbaevAnvarzhanNazirbaevich

Beneficiary account №: 1280076039545092

Beneficiary Bank: CJSC Kyrgyz Investment and Credit Bank, Bishkek, Kyrgyz Republic

SWIFT: KICBKG22

Correspondent Bank: 1. Raiffeisen Bank International AG, Am Stadtpark 9, 1030 Vienna, Austria

SWIFT: RZBAATWW

Account № of KICB: 070-55066534

Correspondent Bank: 2. PAO Promsvyazbank, Moscow, Russia

SWIFT: PRMSRUMM

Account № of KICB: 30111840940000609902

Intermediary Bank of Promsvyazbank: JP Morgan Chase Bank, New York, USA

SWIFT: CHASUS33

 

РФ рубль менен эсептин номери

Алуучу: КоргонбаевАнваржанНазирбаевич

KorgonbaevAnvarzhanNazirbaevich

Алуучунунэсеби: 1280076039536103

Алуучунунбанкы: ЗАО «Кыргызский Инвестиционно-Кредитный банк», Кыргыз Республикасы

SWIFT: KICBKG22

Банки корреспонденты: 1.АОЮникредит Банк, Москва РФ

SWIFT: IMBKRUMM

Корсчет No: 30101810300000000545

БИК: 044525545

ИНН: 7710030411

Счет KICB: 30111810500013231301

Банки корреспонденты: 2. ПАО «Промсвязьбанк», Москва, РФ

SWIFT: PRMSRUMM

Корсчет No: 30101810400000000555

БИК: 044525555

ИНН: 7744000912

Счет KICB: 30111810640000609902


Бардык кызыккан суроолор боюнча төмөнкү телефонго же e-mail: дарегине кайрылсаңыздар болот:

Альбина Осмоналиева , "Роза Отунбаеванындемилгеси" Эл аралыккоомдукфондунанжооптуу өкүл:

Е-mail: office@roza.kg

Тел: +996 312 660382

www.roza.kg