КР экс-Президентинин Нарын облсуна иш сапары

June 16, 2017, 06:00

КР экс-Президенти, «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева үстүбүздөгү жылдын 18-20-июнь күндөрү Нарын облусуна иш сапар менен барат. Иш сапар алкагында ал 18-июнь күнү Кочкор районундагы “Чолпон” айыл өкмөтүнө караштуу “Бүчүр” жайлоо өнүгүү борборунун ачылышына катышат жана ата-энелер менен жолугушат.


Ал эми 19-июнь күнү Р.Отунбаеванын бир канча иш чараларга катышуусу пландалууда. Алсак, Ат-Башы районундагы Казыбек округуна караштуу Талаа Булак жайлоосундагы “Жеткинчек” жайлоо бала бакчасына келип, аталган өнүгүү борборунун иши менен таанышып, бул жерде да ата-энелер менен жолугушуу өткөрөт. Ушул эле күнү Кара-Суу айыл өкмөтүндөгү “Нур-Шоола” жайлоо өнүктүрүү борборунда да болуп, анын иштери менен таанышат.


Кечинде Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы искусство мектебинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл Аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жаткан поэзия кечесине катышат. Поэзия кечесиЖ.Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, “Айкөл Манас” сыйлыгынын ээси, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, “УСТАТ” академиясынын негиздөөчүсү, акын Мирлан Самыйкожо жана акын , журналист учурда «Азаттыктын» кабарчысы Зайырбек Ажыматовдун чыгармачылыгына арналат.


20-июнь күнү Р.Отунбаева Нарын шаарында“Жаштар Ордосу” маданият борборунда жана Нарын Мамлекеттик университетиндеКыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар Фондунун (ЮНИСЕФ)тин колдоосу менен “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду тарабынан уюштурулган “Жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды эрте өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын пайдаланууну ишке ашыруу боюнча” Форумга катышып, сөз сүйлөйт. Ал «Кайсы гана мамлекетте болбосун балдардын эртелеп өнүгүүсү үчүн сапаттуу кызматтарды түзүү – кедейликти жоюунун маанилүү жолдорунун бири» деп эсептейт.


Т.Шайдуллаева - 0552 85 57 10, 0772 85 57 10