Ш.Исмаиловдун он-лайн лекциясынын пост релизи. «Казактар менен кыргыздар - булар эки мамлекети бар бир эл», - Ч.Айтматов
June 6, 2017, 06:002017-жылдын 5-июнунда саат 14-00дө И.Арабаев атындагы Мамлекеттик университеттин жыйналыш залында «Кыргызстан-Астана» Кыргыз этностук-маданий бирикмесинин жетекчиси Ш.А.Исмаиловдун он-лайн лекциясы өттү.
Лекциянын темасы – «Этностор аралык сабырдуулуктун жана коомдук ынтымактын казак модели. Кыргыз этностук-маданий бирикмелеринин иши».
Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын өкүлдөрү, И.Арабаев атындагы КМУнун жетекчилиги, илимпоздору жана окутуучулары угуучулардан болуп калды.
Илим боюнча проректор Э.Ж. Каниметов саламдашуу менен сөз сүйлөдү, ал ушул тема боюнча маектешүү жана жоопторду алуу мүмкүнчүлүгү үчүн лекторго жана уюштуруучуларга – «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФга ыраазычылык билдирди.
Өз сөзүндө Ш.Исмаилов Казакстан Республикасындагы кыргыздардын 9 коомдук этностук-маданий бирикмесинин иши жөнүндө, түзүлгөн учурдан тартып алардын иши жөнүндө айтып берди. «Биз «Манас таануу» ийримин уюштурдук жана «Кут билим» мектебин уюштурдук, ал жекшембиде иштейт жана кыргыз тилин үйрөтөт, 2 штаттык бирдик шаардын райондук бюджетинен финансыланат. Бул мектепте 30 бала окуйт. 2008-жылы ага Чыңгыз Айтматов келген. Бардык бирикмелерде өздүк көркөм чыгармачылык жамааттары бар, «Жибек жолундагы маектешүү» долбоору ишке ашырылып жатат», - деп белгиледи Ш.Исмаилов. Казакстанда 33 миңге жакын кыргыздар (Казакстандын жарандары) жашайт, 17 миң адамдын жашап турууга уруксаты бар. Биздин бирикмелер Казакстан калкынын Ассамблеясынын курамына кирет, ошондой эле Астанада эмгек мигранттарын колдоо жана окутуу борбору иштейт, брошюралар басылып чыккан, «шашылыш линия» телефондору иштейт, - деп кошумчалары лектор.
Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын өкүлү Б.М. Абдыкалыкова Кыргызстанда уюштурулуп жаткан маданий алмашуунун жана тилдерди билүү боюнча конкурстардын маанилүүлүгүн белгиледи. Тарых жана социалдык-укуктук билим институтунун директору Н.У. Курбанова Ч.Айтматовдон: «Казактар менен кыргыздар – булар эки мамлекети бар бир эл» деген цитатаны келтирип, ЖОЖдордун ортосунда тажрыйба алмашууну өткөрүүнү сунуш кылды.