Талас областынын тургундары мейман бизнесинин негиздерин таанып-билүүдө

June 7, 2017, 06:00

«Мекендештер» долбоорунун алкагында 5 – 7-июнда «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана туризм жагынан эксперт жергиликтүү тургундар мейман үйүн ачууну жана туристтерди кабыл алууну пландаштырып жаткан Талас областынын үйлөрүнө барды. Алсак, бул региондун 3 – Талас, Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунун тургундары өз үйлөрүн сунуш кылып гана тим болбостон, ошондой эле жер-жерлерде мейман үйлөрүн ачуу жана туристтерди тартуу үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды жана кеңештерди алды.

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ уюштурган «Welcome guests» семинарынын алкагында 7-июнда Талас областынын мейман бизнесин өнүктүрүүнү каалаган тургундары үчүн «Дүйнөнү караган терезе» аттуу тааныштыруу тренинги өттү, ал жерде ар бир катышуучу өзүнүн мейман үйүнүн почта дарегин ачты жана почта кат алышуусунун негиздери жана өзгөчөлүктөрү менен таанышты.

 

Бул семинардын алкагында 8 жана 9-июнда эксперт З. Байзаковадан тренинг өтөт, ал жерде катышуучуларды кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын стандарттары, баа түзүүнүн негиздери жана ыкмалары, туристтерди тартуу боюнча жаңы каналдар, маркетингдин негиздери, документация, туристтердин жакшы көргөн негизги тамак-ашы жана калькуляция түзүү менен тааныштырышат.