Меймандостук темасына «Welcome guests» семинары интерактивдүү формада өтүп жатат
June 8, 2017, 06:00Бүгүн, 8-июнда, Талас областынын Ак-Дөбө айылында мейман үйүн ачууну каалаган жергиликтүү тургундар үчүн меймандостук темасына "Welcome guests" семинары өттү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар туристтердин негизги муктаждыктары, мейман үйлөрүн ачуу үчүн уюштуруунун стандарттары жана зарыл документация, баа саясатын түзүү үчүн туура калькуляция жөнүндө, ошондой эле Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн жолдору жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билди. Семинардын биринчи күнү практикалык сабактары менен интерактивдүү формада өттү.
Эске сала кетели, 8 жана 9-июнда Талас областынын тургундары үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташтыкта «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын «Мекендештер» долбоорунун алкагында уюштурулган меймандостук боюнча семинар өтүп жатат.