Бүгүн кезекетеги «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү

May 30, 2017, 06:00

Бүгүн, 30-майда, "Ололохаузда" кезектеги «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» акциясы өттү, ага Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунан келген балдар катышты. Алар үчүн «Чычкандын коркунчтары» («Страхи мышонка») китебин USAID’дин «Бирге окуйбуз» долбоорунун координатору Хамзина Сауле окуп берди.

 

Балдар өздөрүнө окулган окуяны кунт коюп угуп, өздөрү да аларды коштогон коркунучтар жөнүндө айтып беришти. Эгерде көпчүлүк балдар үчүн коркунуч бул: караңгы, бийиктик, жалгыздык жана алардын айланасындагы «коркунучтуу адамдар» болсо, башка адамдар үчүн коркунуч – бул таракандар, жыландар, жөргөмүштөр жана аларга белгисиз болгон башка жаныбарлар.

 

Бул китепти окуп бүткөндөн кийин, Сауле айым өздөрүнүн коркунучтарынын сүрөтүн тартууну жана аларды үн чыгарып айтып берүүнү өтүндү. Бардык балдар өз «коркунучтарынын» сүрөтүн тартып, алар жөнүндө айтап бергенде, «Өз коркунучуңдан кантип арылууга болот?» деген суроо берилди. Дээрлик бардык балдар кыйла ойлонулган жоопту берди, андан кийин «өздөрүнүн коркунучтары бар» өз сүрөттөрүн алып баруучуга беришти жана анын ордуна белектерди алышты.