«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын 2017-жылдын июнуна иш-чараларынын дайджести
June 1, 2017, 06:00«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын
2017-жылдын июнуна
иш-чараларынын дайджести
ИЮНЬ – «Билим кербени: Бишкек шаарынын мектеп алдындагы лагерлери үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы»
Качан: Так датасы жана убактысы такталат
Кайда: Бишкек шаарынын мектеп алдындагы лагерлери
Бишкек шаарынын мектеп алдындагы лагерлериндеги көчмө иш-чара. Мектеп окуучуларына экология темасына интерактивдүү презентациялар, курчап турган чөйрөгө аяр мамиле темасына видео-роликтерди/мультфильмдерди көрсөтүү, белектерди таратуу менен конкурстарды өткөрүү.
Тили - кыргыз жана орус.
Телефон: 0556205305, 0550328899
ИЮНЬ – Мектеп алдындагы тарбиялануучулар үчүн «Суу музейиндеги эко-жолугушуулар»
Качан: Датасы жана убактысы такталат
Кайда: Суу музейи
Мектептин алдындагы лагерлердин тарбиялануучуларына Суу музейи боюнча экскурсияларды, КРнын биологиялык ар түрдүүлүгү, флорасы жана фаунасы, суу жана анын касиеттери жөнүндө лекциялары менен интерактивдүү презентацияларды өткөрүү, экология темасына видео-роликтерди көрсөтүү. Эко-жолугушуунун бардык катышуучуларына белектерди таратуу.
Тили - кыргыз жана орус.
Телефон: 0556205305, 0550328899
6-7-8-9-10-ИЮНДА – Талас областы боюнча мейман үйлөрүн аккредитациялоо жана окутуучу тренинг-семинар
Качан: 6-7-8-9-10-июнда
Кайда: Талас шаары
Талас областы боюнча мейман үйлөрүн аккредитациялоо. Жеке адамдар тарабынан айылдык туризм объекттерин ачуу жана өнүктүрүү үчүн потенциалды жогорулатуу жана практикалык жөндөмдөрдү алуу үчүн тренинг-семинар.
1-сессия: Мейман үйүн башкарууну жана иштешин уюштуруу. Меймандостук.
2-сессия: Финансылык план: баланс, пайда жана жоготуулар жөнүндө отчет, капиталдын кыймылы жөнүндө отчет.
3-сессия: КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык айылдык туризм объекттеринин финансылык документтери жана жол-жоболору.
4-сессия: Айылдык туризм объектинин долбоорун жана өзүнүн «кайталангыс сунуштарын» иштеп чыгуу. Ийгиликтүү «кейстерди» тактоо.
5-сессия: Айылдык мейман үйүнүн кардарлары менен иштөөнүн психологиясы, интерактивдүү баарлашуу практикасы.
6-сессия: Айылдык мейман үйүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн алга илгерилетүү, алга илгерилетүүнүн заманбап каналдары, туроператор менен иштөөнү уюштуруу, турмаршруттарды иштеп чыгуу.
7-сессия: Эртең мененки, түшкү жана кечки тамактын менюсун иштеп чыгуунун негиздүү принциптери. Тамактардын калькуляциясы.
Телефон: 0555773750
5-6-7-8-9-ИЮНДА – Жайыт комитеттеринин тарбиячылары үчүн жана өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүү
Качан: 5-6-7-8-9-июнда
Кайда: Баткен шаары, Жалал-Абад, Ош, Нарын
«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында жайыт комитеттеринин тарбиячылары үчүн жана өкүлдөрү үчүн тренингдерди өткөрүү. Тарбиячыларды окутуунун программасы менен тааныштыруу.
Телефон: 0552600738, 0556549154
ИЮНЬ – «Назиктиктин күчү жана көркөм өнөрдүн бетке айтаарлыгы» альбомунун презентациясы
Качан: Так датасы жана убактысы такталат
Кыргыз кинематографиясындагы айымдар жөнүндө «Назиктиктин күчү жана көркөм өнөрдүн бетке айтаарлыгы» альбомунун презентациясы.
Телефон: 0707471879, 0772800376
4-28-ИЮНДА – «Кыздар-энелер» көргөзмөсүнүн ачылышы
Качан: 4-28-июнда
Кайда: Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи. «Кыздар-энелер» көргөзмөсүнүн ачылышы, анда визуалдык көркөм өнөрдү билдирген айымдардын иштери сунуш кылынат.
Телефон: 0707471879, 0772800376
19-20 ИЮНЬ – «Туулгандан тартып үч жашка чейин балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандартын алга илгерилетүү жана киргизүү» форуму
Качан: 19-20-июнда
Кайда: Нарын шаары
Туулгандан тартып үч жашка чейин балдарды эрте өнүктүрүүнүн стандарттары менен тааныштыруу жана аларды мектепке чейинки билим берүү кызматкерлерин даярдоо жана кайра даярдоо программаларына киргизүү аркылуу мектепке чейинки билим берүү жана кенже курактагы балдарды өнүктүрүү кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу. Стандарттарды алга илгерилетүү үчүн КРнын педагогикалык ЖОЖдорунун жана орто окуу жайларынын ортосунда тармак түзүлөт, ал маалымат алмашууга жана педагогикалык кадрларды даярдоонун жана кайра даярдоонун сапатын жогорулатууга багытталат.
Телефон: 0555773750, 0555004240
АР БИР ИШЕМБИДЕ - ата-энелер үчүн "Радио мектеп"
Качан: 10:00-10:30
Кайда: Кыргыз радиосу
Бул «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун жана КТРКнын «Кыргыз радиосу» радиостанциясынын биргелешкен жаңы долбоору – «Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» багытында «Ата-энелер үчүн радио мектеп». Бул долбоордун алкагында күнүнө эки жолу эфирде ата-энелер үчүн пайдалуу кеңештер уктурулат, ал эми ар бир ишембиде угармандарга балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү боюнча адистердин интервьюсу сунуш кылынат.
Бул долбоордун максаты – ата-энелерди, өзгөчө жаш ата-энелерди пайдалуу маалымат жана балдарды кенже курактан тартып өнүктүрүү жагындагы адистердин кеңештери менен камсыз кылуу.
Телефон: 0552 855 710 (Топчугуль Шайдуллаева)
АР БИР ЖУМА КҮНҮ - "Гений" радио берүүсү
Качан: ар бир жума күнү саат 13:30дөн 14:00гө чейин
Кайда: Биринчи Радио
Телефон: 0552 600 738, asanasyl@gmail.com