«Мекендештер» мейман лекциялары: «Кытайдагы билим берүү»
May 26, 2017, 06:00Эл аралык билим берүү борборунун төрагасы, Ланджоу университетинин бүтүрүүчүсү, Президенттик «ХХI кылымдын кадрлары» программасы боюнча окутуудан өткөн, чет өлкөлүк ЖОЖдордун гранттык орундарын бөлүштүрүү боюнча Мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, “Патриот” кыймылынын негиздөөчүсү – Нурсултан Кубановдун лекциясы ушул жылдын 29-майында А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кытай Борборунда саат 15-00дө өтөт.
Лекциянын темасы «Кытайдагы билим берүү».
Катышуучулар – Тил борборунун кытай тили курстарынын угуучулары, Бишкек шаарынын мектептеринин бүтүрүүчү жана жогорку класстарынын окуучулары Кытайда окууга гранттык орунду алуу үчүн эмне кылуу керектиги, кытай тилин үйрөнүүнүн артыкчылыктары, чет өлкөлөрдө жаштарды бириктирүү боюнча кандай иш-чаралар өткөрүлөөрү жана башкалар жөнүндө маалымат алат.
Н.Кубанов Эл аралык билим берүү борборунун уюштуруучусу, Гуанчжоудагы 2016-жылдагы бизнес форумдун катышуучусу, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ССТV телеканалынын номинациясында 2016-жылы «Достуктун элчиси» (“Посланник дружбы”) наамына татыктуу болгон.