«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду жана Германиядагы Kyrgyz Club кызматташтык жөнүндө макулдашты
May 19, 2017, 06:00Кечээ, 18-майда, «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын офисинде Фонддун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаеванын Германиядагы Kyrgyz Club’дын региондук бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Кобегенов менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Мекендештердин «Мекендештер» форумунун жана Kyrgyzclub-Germany’нин кызматташтыгынын жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырышынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары боюнча 2018-жылы Кыргызстан мекендештеринин төртүнчү «Мекендештер» форумун өткөрүүнүн алкагында Кыргызстандын жана Германиянын хирург адистеринин биргелешкен кесипке багытталган жолугушууларын өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.
Kyrgyzclub-Germany диаспоралык бирикмесине белек катары Фонд кыргыз жана орус тилдеринде басып чыгарган китептер берилди, алардын ичинде "Манас сүрөттөрдө", "Менин атам Дэн Сяо Пин", "Махатма Ганди" жана башкалар бар.
Эске сала кетсек, 2017-жылдын мартынан тартып Фонд «Мекендештер» долбоорунун алкагында чет өлкөлөрдөгү мекендештерден Меймандык волонтердук лекциялардын программасын ишке киргизди. Германиядагы практик хирург катышкан биринчи лекция 17-майда И.Ахунбаев атындагы КММАнын базасында, 18-майда КРСУнун базасында өттү.