ЖМК биз жөнүндө: Талас областында туризмди өнүктүрүүгө арналган семинар-тренинг жөнүндө жаңылыктар телесюжети

May 19, 2017, 06:00

2017-жылдын 11-майында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду Талас областынын үч районунун катышуучулары үчүн мейман бизнесин түзүү жана алга илгерилетүү боюнча тренингди өткөрдү.

 

Бул иш-чара «Мекендештер форуму» долбоорунун алкагында уюштурулду, ал Талас областынын туристтик секторун өнүктүрүү жана чыңдоо максатында КРдагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун жана Эл аралык кызматташтык боюнча Швейцариялык бюронун колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

 

Эксперттер – «Хоспиталити Кыргызстан» Жамааттарга негизделген Кыргыз туризм ассоциациясынын (ЖНКТА) машыктыруучулары катышкан тренинг көптөгөн аспекттерди, анын ичинде Кыргызстандагы СВТ мейман үйлөрүнүн минималдуу стандарттарын, меймандостуктун негиздерин, тамак-аштын стандарттарын, номерлерди тазалоонун стандарттарын, санитардык шарттарды жакшыртууну, меймандарды тартуу үчүн мейман бизнесин алга илгерилетүүнү, конфликтологияны жана чыр-чатактарды чечүүнү, ошондой эле практикалык ишти жүргүзүүнү – Талас шаарында Таштекеева Кишимжандын СВТ мейман үйүн аккредитациялоону камтыды.