Бакыт Кобегенов: «Эч качан чөкпөстөн, алга илгерилөө керек!». Мейман лекциясынын пост-релизи
May 18, 2017, 06:0017-майда И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясынын базасында мекендешибиз, Германиядагы практик хирург Бакыт Кобегеновдун катышуусу менен биринчи Мейман лекциясы өттү. Бул иш-чара «Мекендештер 2016» Форумунун диалогунун уландысы болуп калды жана КРдагы Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жаткан «Мекендештер» долбоорунун алкагында 2017-жылга пландаштырылган мейман лекцияларынын циклин ишке киргизди.
Бакыт Кобегенов адистиги боюнча врач – жалпы, висцералдык жана кан тамыр хирургиясы, соңку 10 жылда Германияда жашайт. Германиядагы «Kyrgyz Club» региондук бөлүмүнө башчылык кылат.
300дөн ашык адамды чогулткан, «Медицинанын чет өлкөлүк тажрыйбасы, Германиянын тажрыйбасы. Европадагы стажировканын мүмкүнчүлүктөрү» деген темадагы лекция жолугушуунун катышуучуларында эбегейсиз зор кызыгууну пайда кылды, алардын ичинде КММАнын студенттери жана аспиранттары, Бишкек шаарындагы жеке клиникалардын жана шаардык ооруканалардын практик хирургдары болду.
Активдүү дискуссиянын жүрүшүндө төмөнкүдөй маселелер талкууланды: чет өлкөдөгү ординатурага кантип кирүүгө болот? Сиз Германияга кайсы программа боюнча кеттиңиз? Стажировка үчүн тандоонун параметрлери кандай? Волонтердук иштин стажировкага мааниси барбы жана Германияда медицинанын кайсы адистиктери популярдуу? ж.б.
КММАнын үчүнчү курсунун окуучусу Акберметтин: «Сиз үчүн эң баалуу нерсе жана сиздин девизиңиз?» деген суроосуна, Б.Кобегенов мындай деп жооп берди: «Жашоодогу эң баалуу нерсем – бул менин ата-энем, ал эми менин жашоодогу девизим: «Эч качан чөкпөстөн, алга илгерилөө керек!».
КММАнын проректору, медицина илимдеринин доктору Жумалиева Гульмира Артыкбаевна менен жолугушуунун натыйжасында КММАнын студенттеринин Германиядагы практикасын – стажировкасын уюштуруу боюнча системаны же долбоорду түзүү жөнүндө сунуш айтылды.
КММАнын жетекчилиги жана студенттер лекцияны уюштургандыгы үчүн Фондго ыраазычылык билдирди, ал эми сабактардын ырааттамасынан улам бүгүнкү лекцияга жетишпей калгандар эртең Кыргыз-Россиялык Славян Университетинин базасында өтө турган жолугушууга катышуу ниетин билдиришти. Лекция аяктагандан кийин студенттер Бакытты дагы жарым саат кое бербей, көзмө көз олтуруп өздөрүнүн суроолорун беришти.
Маалымат үчүн:
«Мекендештер Форуму» – бул «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун демилгеси, ал глобализациялык процесстердин фонунда чет өлкөлөрдө Кыргыз диаспорасы сыяктуу Кыргызстандын жарандарынын көйгөйлөрүн кеңири камтыган маселелерди чечүүгө, Кыргызстандын жарандарынын көйгөйлөрүн үйүндө, ошондой эле чет өлкөлөрдө чечүүдө мекендештердин жана диаспоралардын ролуна, Кыргызстандын өсүшүнүн, өнүгүшүнүн жана гүлдөшүнүн процесстерине мекендештер кошо ала турган байланыштарга жана кыйла салымга багытталган. Форум ар бир эки жылда бир жолу өткөрүлөт. Биринчи Форум 2012-жылы Бишкек шаарында өткөрүлгөн. 2014-жылдан тартып «Мекендештер Форуму» долбоору Швейцариянын Өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен Миграция боюнча эл аралык уюм жүзөгө ашырып жаткан өнүктүрүү стратегиясына миграциялык курамды кошуу боюнча биргелешкен глобалдык программанын алкагында ишке ашырылып жатат.