Жолугушуулардын бул сезону «Ырымдасыз» поэзия кечеси менен жабылды

May 20, 2017, 06:00

Кечээ Улуттук филармонияда "Ырымдасыз" поэзия кечеси өттү, ал жолугушуулардын ушул сезонун жапты. Үч жаш акын көрөрмандарга өз чыгармачылыгын тартуулады.

 

Кыз өзүнүн энесин, жаш эне өзүнүн баласын жакшы көрүүсү, бакыт жөнүндө үмүт-тилектер, турмуш жөнүндө ой жүгүртүү, сезимдер жана эмоциялар – ушулардын бардыгы сахнада жаңырды. Көрөрмандар поэзияны өтө эмоциялуу жана мээримдүү кабыл алды.

 

Кеченин жыйынтыгында «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун өкүлү Асылбек Жоодонбеков поэзияга кызыккандыгы үчүн көрөрмандарга ыраазычылык билдирди: «Фонд көрөрмандар менен акындарды бириктирген көпүрө болуп калды. Поэзия жанды эргитүүчү күч, ал акылга акыл кошуп, жүрөккө жана жан-дүйнөгө дем берет, маданиятты жогорулатат. Поэзия кечелери сентябрда улантылат.»