«Балдар филармониясынын» сезону «Классиканын королдору» концерти менен аяктады
May 23, 2017, 06:00Бүгүн «Балдар филармониясынын» 11 «Классиканын королдору» концерти өттү. Алып баруучу жаш угармандарга жана алардын ата-энелерине классикалык музыканын гүлдөгөн доору жана ошол доордун музыкалык генийлери: Вольфганг Амадей Моцарт, Йозеф Гайдн жана Людвиг Ван Бетховен жөнүндө айтып берди.
Бул композиторлордун музыкасы түбөлүктүү – ал өз мезгилин карытты жана азыркы мезгилге чейин популярдуу. Мисалы, "Люди Х - 2" фильминде сценалардын биринде Моцарттын музыкасы жаңырат.
Алып баруучу Алтынай Абетекова белгилегендей: «Балдар филармониясынын концертине, классикалык музыканын концертине же балеттик оюн-зоокко жок дегенде бир жолу келген угармандардын ар бири анын жан-дүйнөсүн мурдагыдан да кооз жана бай кылган, көзгө көрүнбөгөн байлык менен кайтат».
Ушул сезонду аяктоо менен «Балдар филармониясы» долбоорунун командасынын атынан төмөнкүдөй бардык досторубузга жана өнөктөрүбүзгө ыраазычылык билдиребиз: биздин алгачкы концерттерибизди колдогондугу үчүн Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигине, Улуттук Филармониянын директору Кыргызбай Арапбаевич Осмоновго жана Виктор Ильич Божкого, концерттер үчүн залды даярдаган жана концерттерде үндү жана жарыкты камсыз кылган филармониянын командасына.
Туруктуу жардамы жана долбоорду колдогондугу үчүн «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун бүткүл командасына ыракмат. Концерттерди уюштуруудагы жана өткөрүүдөгү эбегейсиз зор иши үчүн Айна Ормушевага жана Нурзат Жээмбаевага чоң ыраазычылык!
Биздин сценаристтерибиз жана алып баруучуларыбыз: Нур Омубраевге жана Анна Алябьевага, Марина Шипулинага жана Разия Сырдыбаевага, жана албетте, Алтынай Абетековага зор ыраазычылык.
Бардык музыканттарга, аткаруучуларга, музыкалык жамааттарга жана оркестрлерге, Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын балдарына ыракмат.
«Балдар филармониясынын» сахнасында атактуу музыканттар жана сахна менен балеттин өтө жаш, келечектеги жылдыздары оюн койду. Андыктан Балдар филармониясы жаңы ысымдары ачууга мүмкүндүк берген аянтча болуп калды.
Анан эң зор ыраазычылык биздин көрөрмандарыбызга – биз силер үчүн иштейбиз!