«Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду чыгарган балдар үчүн жаңы «Балерина» китебинин презентациясы болуп өттү
May 4, 2017, 06:00Бишкек хореографиялык окуу жайында кыргыз балеринасы Бүбүсара Бейшеналиевага арналган балдар үчүн «Балерина» китебинин презентациясы болуп өттү. Тексттин автору – Нурия Шагапова, сүрөтчү-иллюстратор – Жылдыз Бекова, кыргыз тилине которгон – Гүлжигит Сооронкулов. Китеп Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду тарабынан басылып чыкты. Китеп кыргыз жана орус тилдеринде чыгарылды.
Өз сөзүндө фонддун уюштуруучусу, КР экс-Президенти Р.И. Отунбаева белгилегендей, китеп кичинекей окурмандарга Бүбүсара Бейшеналиеванын өмүр таржымалын айтып берет, балдарды балет терминдери менен тааныштырат, аларды балеттин дүйнөсүнө алып барат.
Бүбүсаранын тарыхы – бул кичинекей кыргыз айылынан чыккан кыздын тарыхы, ал өз өлкөсүн бүткүл дүйнөгө даңазалай алды. Бейшеналиева бийлеген «Чолпон» балети дүйнөнүн жүздөн ашык өлкөсүндө көрсөтүлгөн.
Презентация болуп өткөн Бишкек хореографиялык окуу жайында азыр улуу балеринанын окуучуларынын ичинен көпчүлүгү иштейт жана балеттин жаш артисттерин даярдап жатат. Окуу жайдын окуучулары алгачкы окурмандар үчүн мыкты программаны даярдады.
Презентациянын аягында презентацияга келген мектептердин китепканаларына, Хореографиялык окуу жайдын китепканасына, ЖМКнын өкүлдөрүнө китептер таратылды.
Китептин экинчи презентациясы 15-майда саат 17.00дө Кыргыз Улуттук Консерваториясынын залында өттү.
"Балерина" китебин сатып алууну каалагандар Фондго 660 368 телефону боюнча Асель Жумагуловага кайрыла алат.