Талас аймагында туристтер үчүн конок үйлөрү ачылууда

June 6, 2017, 06:00

МОМ жана Эл аралык кызматташтык боюнча Швейцариялык бюронун колдоосу менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жаткан «Мекендештер» долбоорунун алкагында 2017-жылдын 5-июнунан баштап Талас облусунда туризмди өнүктүрүү багытындагы тренингдердин циклы башталууда. Бул иш-чаралардын негизги максаты – ачылып жаткан конок үйлөрүнүн кожоюндарынын туристтерди кабыл алууга даярдыктары менен таанышуу жана аларга керектүү маалыматтарды берүү.


Ушул күндөрү «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун долбоор жетекчиси Р.Кайыкова, Талас областтык администрациясынын өкүлү С.Боркеев жана Талас райондук администрациясынын башчысынын орун басары З. Баялиева туристтер үчүн конок үйлөрүн ачууну мерчемдеп жаткан С.Алиеванын, Ж.Узбековдун, А.Жумаевдин, Т.Айткулованын, О.Курамаевдин, Т.Турсунбековдун жана башка бир нече жарандардын үйлөрүндө болуп , алардын даярдыгына, тажырыйбаларына мониторинг жүргүзүштү.


Белгилей кетсек, Фонд тарабынан үстүбүздөгү жылдын 17-мартында Талас шаарында уюштурулган конок үйлөрүн ачууга даярдыктар тууралуу семинар-тренингден кийин аймакта туризмди өнүктүрүүнүн бул багыты боюнча ишмердиктер активдешкен.