Жайлоодогу өнүгүү борборлору ата-энелердин билгичтигин жогорулатат
June 1, 2017, 06:00Бул жылы “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду Билим берүү бөлүмдөрү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, чыгармачыл мекемелер, инсандар жана жайыт комитеттери менен кызматташтыкта “Жайлоо өнүгүү борборлору-2017” уникалдуу долбоорун дагы улантат.
Июнь айынан тартып жайлоодогу өнүгүү борборлору ачылып, ишин жүргүзө баштайт.
Быйылкы 2017-жылы Республиканын бардык аймактарында жалпысынан 100 жайлоо өнүгүү борборлорунун ачылышы күтүлүүдө.
Бул жылы “Жайлоо өнүгүү борборлору” ата-энелердин педагогикалык сабаттуулугунун артышына басым жасайт. Ата-энелер үчүн мастер класстар өтүлүп, балдарына мыкты тарбия берип жаткан тажырыйбалуу ата-энелер менен жолугуушуулар өтөт Мисалы: 8 баланы тарбиялап, алардын бешөө шахмат боюнча ар кыл эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болуп келе жаткан Съездбек Таштекеевдердин үй-бүлөсү, 71-жашында шпагатка отурган Жумааалы Абдрахманов, 8 жашында жаш академик атка конгон Тилек Асаналиев сыяктуу инсандар жайлоо өнүгүү борборлоруна барып ата-энелер жана балдар үчүн мастер класстарды өткөрүшөт. Андан тышкары элдик кол өнөрчүлүк, авиа моделдөө, шахмат, каллиграфия, экологиялык сабактар, дене тарбия, сөз өстүрүү, коопсуздук эрежелери, сүрөт тартуу жана ар кыл интерактивдүү оюндар боюнча мастер класстар уланат.
Кошумча маалымат алуу үчүн 055654 9154, 0771 388 596 телефондоруна кайрылсаңыздар.
Урматтуу журналисттер, “Жайлоодогу өнүгүү борборлору-2017” долбоору Сиздерди кызматташууга чакырат. Республиканын бардык аймактарында жайгашкан борборлорго барып, балдар, ата-энелер жана педагогдор менен баарлашыңыздар. Борборлордун иштешине өзүңүздөр күбө болуңуздар. Сиздер менен кызматташууга кызыкдар экендигибизди билдиребиз.
2014-2016 жылдардагы ишмердүүлүк боюнча отчет жана видео фильм менен www.roza.kg сайты аркылуу кеңири тааныша аласыз.