Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун китеп куржунуна

May 29, 2017, 06:00

АКШнын элчилигинин Китеп которуу программасынын колдоосу менен чыгарылган тогуз аталыштагы тогуз жүз китеп (ар бир аталыштан жүздөн) “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун “Жайлоодогу өнүгүү борборлору” долбооруна тапшырылды. Китептердин аталыштары: Морис Сендак – Жапайылар мекенинде, Катерин Патерсон – Терабияга кеткен көпүрө, Ричард Скери – Кишилер кечке чейин эмне кылышат, Жон Шеска - Үч торопойдун чыныгы окуясы, Кевин Хенкес – Бала мышык менен толгон ай, Роберт Макклоски – Кара моюл терген сэл, Маргарет Вайс Браун – Бейпил түн, Гари Полсен – Балта, Рэй Брэдбери – Каакым ширеси.


Бул китептер мектеп жашына чейинки балдар жана мектеп окуучулары үчүн мыкты табылга болуп, алардын маалыматтуулугун арттырат. Китептер июнь айынан баштап Республикабыздын ар кыл аймактарында жайгашкан өнүгүү борборлоруна таркатылат. Мындан тышкары аймактардагы “Америка борборлору” жай айларында тоолордогу өнүгүү борборлорунда китеп окуу, англис тили боюнча мастер класстарды өтүү боюнча макулдашууга жетишилди. “Жайлоодогу өнүгүү борборлору – 2017” долбооруна даярдыктар жүрүүдө. Бул жылы да Республика боюнча 100дөн ашык жайлоодогу өнүгүү борборлору иштеп, балдардын жана ата-энелердин өнүгүүсүнө салым кошмокчу.


Кыргызстандагы АКШнын элчилигине жана элчиликтин жооптуу кызматкери Чолпон Бакировага терең ыраазычылык билдиребиз.