Туризмге арналган семинар-тренинг

May 10, 2017, 06:00

Үстүбүздөгү жылдын 11-майында Талас шаарында Кыргыз сьтандын аймактарына туристтерди тартуу маселесине арналган семинар/ тренинг болот. Иш чара саат 10.00дөн башталып, 17.00дө аяктайт жана ал Таштакеева Кишимжандын «Кишимжан» мейман үйүндө өтөт. Семинар/тренингке Талас областынын Кара-Буура, Бакай-Ата жана Талас райондорунан 30 киши келип катышат.


Иш чара «Меймандостук жана туристтерди кантип кабыл алуу керек?» деген маселеге арналган. Тактап айтканда туристтер үчүн кандайча максималдуу комфорт түзүп берүү боюнча сунуштар, эл аралак меймандостук жана сапат стандарттары, мейман үйлөрү жана боз үйлөрү боюнча стандарттар, тамак аш стандарттары – эртең мененки тамак - ушул сыяктуу суроолор семинар /тренингдин жүрүшүндө талкууга алынат.


Ошондой эле семинар-тренингдин учурунда катышуучуларга адистер тарабынан мейман үйлөрүн өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк алдыӊкы тажырыйбалар жана практикалар жөнүндө маалыматтар жана Талас аймагында мейман үйлөрүн ачып, аны иштетүү багытында кеӊеш, сунуштар да берилет.


Аталган иш чара “Роза Отунбаеванын” демилгеси эл аралык коомдук фонду тарабынан уюштурулуп жатат.