Жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму
May 8, 2017, 06:002017-жылдын 10-майында Талас шаарында Талас мамлекеттик Университетинин базасында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму болуп өтөт.
Форум саат 10.00дө башталат.
Иш чарага кыргыз Республикасынын Экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Р.И.Отунбаева, Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФтин башчысы Юкиэ Мокуа, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү А.А.Халмурзаев, ошондой эле аталган стандартты иштеп чыккандар , эксперттер, окутуучулар жана башталгыч класстар боюнча методикалык бирикмелердин методисттери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун жетекчилери жана Баткен Мамлекеттик университетинин студенттери жана педагогикалык жамааты катышат.
Р.И.Отунбаева «Кайсы гана мамлекетте болбосун балдарды эрте куракта өнүктүрүү үчүн сапаттуу кызматтарды түзүү – кедейликти жоюунун маанилүү жолдорунун бири» деп эсептейт.
2016-жылы ЮНИСЕФтин колдоосу менен эксперттер тарабынан балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары иштелип чыкты.
Форумдун максаты – Кыргыз Республикасынын педагогикалык жогорку окуу жайларынын ортосунда бирдиктүү желени түзүү аркылуу балдарды жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейин өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу.
«Форум азыркы Кыргызстандын балдарынын эртелеп өнүгүүсү сыяктуу актуалдуу проблемага арналып жатат. Анткени эрте жаш курактагы балдарга инвестиция салуу ар бир мамлекеттин өнүгүү келечегинде жана кедейликти кыскартууда маанилүү багыт болуп саналат. Балага жумшалган ар бир доллар инвестиция ал чоӊойгондо 7$ болуп кайтат», - дейт Юкиэ Мокуо.
Форум учурунда 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары тууралуу маалымат берилет жана аларды мектепке чейинки билим берүүнүн педагогикалык практикасына киргизүү жөнүндөгү маселе талкууга алынат. Форумдун жыйынтыгында балдарды эртелеп өнүктүрүү боюнча Стандарттарды киргизүү максатында педагогикалык жогорку окуу жайлардын бирдиктүү Желесин түзүү каралып жатат.
Контакты: Т.Шайдуллаева 0772 85 57 10 0552 85 57 10