Билим фестивалынын алкагында борбордун мектеп окуучулары Кыргызстандын белгилүү спортсмендери менен жолугушту (фото)
April 28, 2017, 06:00Билим фестивалынын биринчи күнүндө борбордун мектеп окуучулары Кыргызстандын белгилүү спортсмендери жана мастерлери менен жолугушту, ал жерде алар спорт жана сергек жашоо ыңгайы жөнүндө маек курушту. Бул жөнүндө фестивалды уюштуруучулар билдирди.
Жолугушууда ошондой эле төмөнкүдөй спортсмендер болду: Нурдин Букуев - футзал судья, Жакшылык уулу Жаил – кол менен мушташуу, панкратион, Светлана Покачалова жана Валерий Кашуба – футболисттер.
Фестивалдын биринчи күнүндө, 28-апрелде, 4 миңге жакын мектеп окуучусу Дене тарбия жана спорт академиясынын кафедралары менен таанышты, ошондой эле спорт жана анын түрлөрү жөнүндө көп нерселерди биле алды.
Ошондой эле 29-пралерде, Фестивалдын экинчи күнү Бишкек шаарынын Күнү менен бирдикте борбордун ортосунда ар кандай багыттагы 8 интерактивдүү аянтта өттү. Меймандарды чыгармачыл жана кызыктуу мастер-класстар анын ичинде, тазза тамак-аш жана салтуу экологиялык билимдер, конкурстар, ар кандай спорттук федерациялар менен таанышуу, көрсөтмөлүү спорттук оюндар, бий баттлдары, билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн ярмаркасы, спорттук ярмарка, китептердин көргөзмөсү, гүл ярмаркасы, кайрымдуулук акциясы, театрдык спектаклдер жана белгилү спортсмендер менен жолугушуулар, ошондой эле эртеден кечке чейин чоң концерт жана Ыймандуулук, тарбия жана маданият жылына арналган башка көптөгөн иш-чаралар күтүп турду.
2017-жылы Билим фестивалына 170тен ашык уюм катышат деп мурда билдирилген. Бешинчи Фестивалдын өнөктөрү 17 мамлекеттик, коомдук, жеке жана жаштар уюмдары болууда. 26 уюм Фестивалдын медиа-өнөгү болууда.