Фоторепортаж - Бишкекте «Сергек жашоо ыңгайы» темасына бешнчи Билим фестивалынын биринчи күнү өтүп жатат

April 28, 2017, 06:00

Борбордо 28-апрелде «Сергек жашоо ыңгайы» темасына Билим фестивалынын биринчи күнү өтөп жатат. Фестивалды Бишкек шаарынын мэриясы жана Дене тарбия жана спорт академиясы менен бирдикте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду өткөрүп жатат.

 

Фестивалдын биринчи күнүндө борбордун мектеп окуучулары экскурсиялык маршруттар боюнча өттү жана Дене тарбия академиясы менен таанышты. Абитуриенттер үчүн белгилүү спортсмендер жана мастерлер менен жолугушуу уюштурулду, сергек жашоо ыңгайы жөнүндө айтып беришти, мастер-класстар жана колледждер менен лицейлерден кесипке багыт берүүчү көргөзмөлөр өткөрүлдү.

 

Эртең, 29-апрелде, фестивалдын экинчи күнү Бишкек шаарынын Күнү менен бирдикте борбордун ортосунда ар кандай багыттагы 8 интерактивдүү аянтта өтөт.

 

2017-жылы Билим фестивалына 170тен ашык катышуучу уюм катышууда.

 

Бешинчи Билим фестивалынын өнөгү 17 мамлекеттик, коомдук, жеке жана жаштар уюмдары болууда.

Билим АКИpress