КМДТжСАда бешинчи Билим фестивалы старт алды
April 28, 2017, 06:00Бишкекте Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында (КМДТжСА) бүгүн «Сергек жашоо ыңгайы» темасына V Билим фестивалы старт алды.
Бул иш-чараны уюштуруучулар Бишкек шаарынын мэриясы жана КМДТжСА менен бирдикте «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду (ЭКФ) болду.
Билим фестивалына 170тен ашык катышуучу уюм катышып жатат. Фестивалдын өнөктөрү 17 мамлекеттик, коомдук, жеке жана жаштар уюмдары болууда.
Фестиваль кызып турган учуру! Ага аралашып калууга үлгүргүлө! Жарым күн өтүп кетти. Кызыктуу нерселердин бардыгы алдыда!